Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-октябры № 15-15
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылда беренелерден
үнөмдөлгөн акча каражатын зарыл чыгымдарга бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 115-беренесинин негизинде бөлүмдөрдөн жана беренелерден үнөмдөлгөн акча каражатын зарыл чыгымдарга пайдалануу үчүн жергиликтүү бюджеттин бекитилген сметасына өзгөртүү киргизүү боюнча айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Г.Нуруеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар мыйзамына ылайык порталга жарыяга берилип үнөмдөлгөн каражаттары: Билим берүү бөлүмүнүн “Көмүр сатып алуу” беренесинен 102,9 миң сом, “Машиналар жана жабдуулар” беренесинен 50,0 миң сом, бала бакча бөлүмүнүн “Имараттар жана курулмалар” беренесинен 210,0 миң сом, аппарат бөлүмүнүн “Имараттар жана курулмалар” беренесинен 220,0 миң сом, жалпы 582,9 миң сомго азайтылсын.
2. Билим берүү бөлүмүнүн электр энергиясына жыл башында бөлүнгөн лимит жетишсиз болгондугуна байланыштуу “Электр энергия төлөмү” беренесине 53,9 миң сомго, бала бакча бөлүмунун балдардын тамак ашына акча каражаты жетишсиз болгондугуна байланыштуу “Тамак аш сатып алуу” беренесине 65,0 миң сомго, спорт мектебине көмүр аз каралып калгандыгына байланыштуу “Көмүр сатып алуу” беренесине 15,0 миң сомго, аппарат бөлүмүнүн айлык акысы аппарат кызматкери иш учурунда жаракат алып атайын түзүлгөн областтык комиссиянын 18.04.2019-жылдагы актысынын негизинде акча каражаты төлөнүп берилген, ошондуктан акча каражаты жетишсиз болгондуктан “Айлык акы” беренесинен 220,0 миң сомго, ”Соцфонд төлөмү” беренесинен 4,0 миң сомго, “Сапар чыгымдары” беренесинен 20,0 миң сомго, ”Учурда чарбалык максаттар үчүн материалдар алуу” беренесинен 20,0 миң сомго, жалпы 582,9 миң сомго акча каражаты көбөйтүлсүн.
3. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Кызыл Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Калмаматовго жана ФЭБ башчысы Г.Нуруевага милдеттендирилсин.
4. Бекитилген планга өзгөртүү киргизүү Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Сузак райондук башкармалыгынан суралсын.
5. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А.Маканбаев
|