Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-октябры № 15-16
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылда кошумча түшкөн
кирешелерди зарыл чыгымдарга бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 115-беренесинин негизинде “Айыл ичиндеги жерлердин аренда акысы” салыгынан эсептөөлөрдүн негизинде пландан ашыкча түшүүчү 100,0 миң сомду, ижара жердин төлөмүнөн 70,0 миң сомду, кыймылсыз мүлк салыгынан 30,0 миң сомду жалпы ашыкча түшүүчү 200,0 миң сом акча каражатын зарыл чыгымдарга пайдалануу үчүн сметага өзгөртүү киргизүү боюнча айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Г.Нуруеванын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңеши жергиликтүү бюджеттин бекитилген сметасына өзгөртүү киргизүү боюнча
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл Туу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше планына “Айыл ичиндеги жерлердин аренда акысы” салыгынан 100,0 миң сом, ижара жердин төлөмүнөн 70,0 миң сом, кыймылсыз мүлк салыгынан 30,0 миң сом, жалпы 200,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
2. Айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүгүнө аймагында көчкүдөн көчүрүлгөн жаңы айылдарга электр линияларын тартууга электр мамычаларын алуу үчүн айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүгүнө, ЖКХ бөлүмүнүн “Имараттар жана курулмалар” беренесинен 200,0 миң сом акча каражаты көбөйтүлсүн.
3. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Кызыл Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Калмаматовко жана ФЭБ башчысы Г.Нуруевага милдеттендирилсин.
4. Бекитилген планга өзгөртүү киргизүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Сузак райондук башкармалыгынан суралсын.
5. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | А.Маканбаев
|