Редакцияот 01.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ХХVII чакырылышынын кезексиз ХХV сессиясы

2019 - жылдын 1 августу № 36

Каргалык айыл өкмөтүнүн 05.07.2019-жылдагы №469-каты боюнча

Каргалык айыл өкмөтүнүн 05.07.2019-жылдагы №469-каты боюнча «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,

Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХXV сессиясы

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1.    Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы №1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин терезелерин алмаштыруу боюнча долбоордун өздүк салымына 3-кварталдын эсебинен 175,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.

3.    Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

4.    Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге тапшырылсын.

 

Төраганын орун басары

Р.Жунусакунов