Редакцияот 03.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2019-жылдын 3-декабры, № 458-б

Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинде каралган каражаттарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл аймактарынын) ортосунда бөлүштүруү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздүк кирешелерди (жер салыгы, мүлк салыгы, жерди жана мүлктү ижарага берүүдөн кирешелер) көбөйтүүгө дем берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

1) акыркы эки отчеттук жыл үчүн кирешелердин (жер салыгы, мүлк салыгы, жерди жана мүлктү ижарага берүүдөн кирешелер) иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүнүн негизинде жана алардын суммалык өсүшу 100 пайыздан жогору болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл аймактарынын) арасында 100 000 000 (жүз миллион) сом өлчөмүндөгү каражаттарды төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрсүн:

а) кирешенин өсүшүн 100 пайыздан жогору, бирок 110 пайыздан көп эмес өлчөмдө бирдей үлүштө камсыздагандарга - жалпы сумманын 30 пайыз өлчөмүндө;

б) кирешенин өсүшүн 110 пайыздан 120 пайызга чейинки өлчөмдө бирдей үлүштө камсыздагандарга жалпы сумманын 30 пайыз өлчөмүндө;

в) кирешенин өсүшүн 120 пайызга жана андан жогору бирдей үлүштө камсыздагандарга - жалпы сумманын 40 пайыз өлчөмүндө;

2) ушул пункттун 1-пунктчасын жүзөгө ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев