Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-августу № 1
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык,Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2019-жылга карата иш планын карап чыгып жана жайыт комитетинин штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кенешинин 6 - чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин штаттык бирдиги бекитилсин.(тиркелет)
2.Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылыйык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
3.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | С.Жуманазаров |