Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-августу № 4
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципиалдык менчик имараты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жангак айылында жайгашкан №10 Көк-Арт- гимназия мектебиндеги жатак интернат имараты жөнүндө 6-чакырылыштын 11-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жангак айылынадагы №10 Көк-Арт гимназиясында жайгашкан жатак интернатынын имаратын кароо же сатуу маселесин чечүү жагын Көк-Арт айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2.Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылыйык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
3.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | С.Жуманазаров |