КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы
2019-жылдын 7-сентябры № 1
Көк-Арт айыл аймагындагы Жалгыз-Жангак айылынын тургундарынан келген арыз жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Көк-Арт айыл аймагындагы Жалгыз-Жангак айылындагы автотрассага жанаша жайгашкан Зерновой каналдан Жерге-Тал айылынын чегине чейинки Мусаев Ордобек көчөсү жөнүндө Көк-Арт айылдык кенешинин 6- чакырылышынын 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Жалгыз-Жангак айылындагы автотрассага жанаша жайгашкан Зерновой каналдан Жерге-Тал айылынын чегине чейинки Мусаев Ордобек атындагы көчөнүн аты өзгөрүүсүз калтырылсын.
- Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.