КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы
2019-жылдын 7-сентябры № 3
Көк-Арт айыл аймагындагы ижарага пайдалануучулардын
жерлерин кароо жана ижара акысы жөнүндө, аукцион өткөрүү боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык,2007- жылдын 22- июньдагы №243 Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомунун негизинде иштелип чыккан Көк-Арт “КЕЛЕЧЕК”2019 – 2024жж планы жөнүндө Көк-Арт айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз 12- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун “КЕЛЕЧЕК”2019-2024жж планы кошумча-алымча өзгөртүүсү менен бекитилсин.
- Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.