КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы
2019-жылдын 7-сентябры № 4
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн тургундарынан келип түшкөн арыздары боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жангак айылынын тургуну Жумабаева Минавархандын арызын депутат Абдыкерим уулу Т сунушун 6 чакырылышынын кезексиз 12 сессиясында угуп талкуулап Көк-Арт айыл аймагындагы трансформацияга бөлүнгөн жерлерди тактоо жана жеке менчик жерлерди бөлүштүрүү жөнүндө Көк-Арт айылдык кенешинин 6-чакырылышынын 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жангак айылынын тургуну Жумабаева Минаварханга 0,10(он)сотых,кызы Жумабаева Каныкей 0,10(он)сотых, кызы Жумабаева Арзыкан 0,10(он)сотых элге жер тилкелери бөлүштурө баштаган учурда, үйүнүн ордунан жалпы 0,30 (отуз) сотых жер тилкеси жеке менчик турак жай салуу үчүн кезексиз бөлүнүп берилсин.
- Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын..