Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-сентябры № 1
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн КБФнын жер аянтынын ижара акысы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн КБФнын жер аянтынын ижара акысын көтөрүү сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кенешинин 6 чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн КБФнын жер аянтынын ижара акысы баштапкы баада өзгөртүүсүз калтырылсын.
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төраганын орун басары | С.Жуманазаров |