Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-сентябры № 2
Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү КБФнын жер аянтарын ижарага берүү өлчөмүн чектөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн КБФнын жер аянтарын ижарага берүү өлчөмүнө чектөө киргизүү сунушун угуп, жерге болгон суроо талаптын көптүгүн эске алып жана талкуулап Көк-Арт айылдык кенешинин 6 чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Көк-Арт айыл өкмөтүндө КБФнын ижарага берилүүчү жер аянты бир үй-бүлө үчүн 3(үч)гектардан ашпасын.
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | С.Жуманазаров |