Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-сентябры № 3
Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү КБФнын жер аянтарын
ижарага берүү конкурстук комиссия курамы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн КБФнын жер аянтарын ижарага берүү конкурсун өткөзүү комиссиясынын курамы жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кенешинин 6 чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Көк-Арт айылдык кенешинин жер комитетинен 6 мүчө;
2. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Акназаров.
3. Сузак райондук администрациясынын өкүлү.
4. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кулматов.
5. Көк-Арт айылдык кенешинин бюджет комитетинен А.Сатаров.
6. Көк-Арт айылдык кенешинин бюджет комитетинен К.Азимбаев.
бекитилсин.
Төрага | С.Жуманазаров |