Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-сентябры № 4
Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү КБФнын жерин ижарага бардык түрүн конкурс аркылуу берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн КБФнын жер аянтарын ижарага бардык түрүн конкурс аркылуу берүү жөнүндө сунушун угуп, жергиликтүү элдин экономикалык, социалдык жана саясий абалын эске алып жана талкуулап Көк-Арт айылдык кенешинин 6 чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Көк-Арт айыл өкмөтүнүн КБФнын жер аянтарынын бардык түрүн ижарага конкурс аркылуу берилсин.
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | С.Жуманазаров |