Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-сентябры № 5
Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү КБФнын жерине компенсация
төлөп ижарага жер алгандар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн КБФнын жер аянтарына компенсация төлөп жер алгандарга ижарага берүүнү токтотуу жөнүндө сунушун угуп,жергиликтүү элдин экономикалык,социалдык саясий абалын, жерге болгон суроо талаптын көптүгүн эске алып жана талкуулап Көк-Арт айылдык кенешинин 6 чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн КБФнын жер аянтарына компенсация төлөп жер алгандарга ижарага жер берилбесин.
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | С.Жуманазаров. |