Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-сентябры № 6
Көк-Арт СПАнын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Көк-Арт СПАга трактор техникасын алууга долбоордун жана элдик жыйындын протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Көк-Арт СПАга трактор МТЗ-82-1 эксковатор - погрузчик техникасы алынсын.
2. Трактор техникасын алып келүүгө кеткен акча каражатын Көк-Арт айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнсүн.
3. Трактор МТЗ-82-1 эксковатор-погрузчик техникасынын каражатын өз убагында төлөө жагын СПАга жүктөлсүн,СПАнын бюджетинен каралсын.
4. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | С.Жуманазаров |