Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-сентябры № 7
Типтүү жоболорду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-октябрындагы №513 токтому менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата Программасынын иш-аракеттер планынын 1.1.4-пунктун аткаруу максатында Агенттиктин 2019-жылдын 5-сентябрындагы №01-18\84 буйругу менен “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө” жана “Жарандардын жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалону жүргүзүү жөнүндө” Типтүү жоболордун сунушун угуп жана талкулап Көк-Арт айылдык кенешинин 6 чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө” жана “Жарандардын жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалону жүргүзүү жөнүндө” Типтүү жоболору бекитилсин.
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | С.Жуманазаров |