Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-октябры № 01-5/173
Шаардын аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин иштеринин жүрүшү, үй-бүлөлүк дарыгерлердин ишинин абалын текшерүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы, шаардык Кеңештин иш-мерчиминин негизинде шаар аймагында жайгашкан аймактык оорукананын, Регионалдык медициналык ден-солукту калыбына келтирүү борборунун жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун иштөө абалын текшерип, текшерүүнү жыйынтыгы менен төмөндөгу боюнча “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын берген корутундусун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаардык Кеңештин иш-мерчимине ылайык аймактык оорукананын, Регионалдык медициналык ден-солукту калыбына келтирүү борборунун жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун иштөө абалын текшерүүнү жыйынтыгы боюнча “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусу эске алынсын.
2.Уй бүлөөлүк дарыгерлер борборунун жетекчисине:
- №16 ГСВнын жертөөлөсүн (подвалын) ремонтто;
-эмдөө бөлмөсүнө кондиционер алып берүү;
-бейтаптар кабыл алуу бөлүмүнүн (поликлиника) алдына брусчатка бастыруу иштери жүктөлсүн.
3.”Регионалдык медициналык ден-солукту калыбына келтирүү” борборунун жетекчисине:
- Санаториянын киреберишине кароолкана куруу, дарбаза орнотуу, балдар бөлүмүнө ценсорный бөлмө (комната) ачуу;
-Кир жуучу жайга заманбап автомат кир жуучу машиналарын сатып алуу жагы жүктөлсүн.
4.Санаториянын айланасына тосмолорду орнотуну шаар мэриясына сунушталсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну тийиштүү мекеме ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин “Социалдык,билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктѳлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |