Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-октябры № 01-5/174
Билим берүү мекемелеринин иштөө абалын (тарбиялык иштери, тазалыгы, тамактануусун) кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы,шаардык Кеңештин иш-мерчиминин негезинде шаар аймагындагы билим берүү мекемелеринин иштөө абалын текшерип, текшерүүнүн жыйынтыгы менен берген “Социалдык,билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын берген корутундусун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шаар аймагындагы билим берүү мекемелеринин иштөө абалы жөнүндө берген “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусу эске алынсын.
2.№15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинин ашканасына стол менен отургучтарын, №28 Ч.Айтматов орто мектебинин спорт залын ремонтто, №14 И.М.Губкин атындагы орто мектебинин мугалимдер бөлүмүнө эмерек алып берүүнү 2020-жылдын иш-мерчемине киргизинүү мэрияга сунушталсын.
3.Н.Исанов атындагы жатак-гимназия мектептин абалын текшерүү боюнча шаардык Кенештин төрагасы жана шаар мэриясынын мэринин катышуусунун негизинде комиссия курамы түзүлүп, жеринде текшерип акт түзүлүп, түзүлгөн актыны Билим берүү министрлигине жана өнүктүрүү фондторуна жөнөтүнү сунушталсын.
4.“Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен №15 “Беки уулу Семетей” атындагы орто мектеп директору Арапбаев Бакытбек Масиркуловичти Билим берүү министрлигинин “Ардак грамотасына” сунушталсын.
5.Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисине милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |