Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-октябры № 01-5/175
Шаар аймагында жайгашкан №15 “Жомок” жана №45 “Наристем” балдар бакчаларынын (тарбиялык иштери, тазалыгы, тамактануусун) кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы, шаар аймагындагы жайгашкан №15 “Жомок” жана №45 “Наристем” балдар бакчаларынын иштөө абалы жөнүндө берген “Социалдык,билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын берген корутундусун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шаар аймагындагы билим берүү мекемелеринин иштөө абалы жөнүндө берген “Социалдык,билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусу эске алынсын.
2.Туруктуу комиссиянын берген корутундусунда белгиленген кемчиликтерди жоюуну№15 “Жомок” балдар бакчасынын башчысы А.Сапаровага милдеттендирилсин:
-Ашканалардагы эшиктердин ачкычтарын оңдоо;
-Балдар кийимдерин илүүчү шкафтардын эшиктерин оңдоо.
3.Идиш аякты жана кол арчучу сүлгүлөрдү алты айда бир толуктап турууну, балдар бакчасына киреберишине кароолкана курууну жана видеокөзөмөл орнотуну 2020-жылдын бюджетине киргизинүү мэрияга сунушталсын.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын МБДнын жетекчисине жана соц.бөлүмүнө милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин “Социалдык,билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктѳлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |