Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-октябры № 01-5/176
Кочкор-Ата шаарынын санитардык тазалоо, жашылдандыпуу жана көрктөндүрүү ишканасынын иштөө абалы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы, шаардык Кеңештин иш планы боюнча шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин абалы, Тазалык ишканасынын аткарган иштеринин маалыматын жана шаардык Кеңештин “Социалдык,билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча ашкаруу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шаардык Кеңештин “Социалдык,билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын, Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын аткарган иштери боюнча берген корутундусу эске алынсын.
2.Транспортная көчөсүндөгү отургузулган жаш көчөттөр тийиштүү деңгээлде каралбай, көпчүлүк сандагы көчөттөр куурап калган жана жумушчуларга бөлүнгөн акча каражатынан жуунучу жай (душевая) курулбагандыгына байланыштуу муниципалдык ишкананын директору Э.Маматовго эскертүү берүүнү мэрге сунушталсын.
3.Тазалык ишканасынын жумушчуларынын эмгек маянасы боюнча мониторинг жүргүзүлсүң, мониторингти жүргүзүү үчүн жумушчу топ түзүлсүн.
4.Токтомдун аткаралышын камсыз кылууну Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин “Социалдык,билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктѳлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |