Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-октябры № 01-5/177
Кочкор-Ата шаарынын Башкы планына каралган 5000000 (беш миллион) сом каражаттан 2 984 625 (эки миллион тогуз жүз сексен төрт миң алты жүз жыйырма беш) сом акча каражатын келишимдин негизинде бөлүп берүү жана жер фондуларын инвентаризациялоо үчүн 341627 (үч жүз кырк бир миң алты жүз жыйырма беш миң) сом каражатын чечип берүү жөнундө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы, шаар мэриясынын 2019-жылдын 13-августундагы 01-36/1088 садуу катын, Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан шаардын баштапкы планын иштеп чыгуу үчүн бөлүнгөн 5 000 000 (беш миллион) сом акча каражатынын ичинен келишимде негизинде 2 984 625 (эки миллион тогуз жүз сексен төрт миң алты жүз жыйырма беш) сом ачка каражатын бөлуп берүү жана жер фондуларын инвентаризациялоо үчүн 341 627 (үч жүз кырк бир миң алты жүз жыйырма беш) сом каражатын чечип берүү боюнча шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын берген корутундусун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын берген корутундусу эске алынсын.
2.Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан бөлүнгөн 5 000 000 (беш миллион) сом акча каражатын эсебинен :
-2019-жылдын 2-февралындагы №16/18 сандуу келишимдин негизинде 2 984 625 (эки миллион тогуз жүз сексен төрт миң алты жүз жыйырма беш) сом акча каражатын Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агентигинин алдындагы мамлекеттик шаар курулушу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтуна бөлүнүп берилсин;
-341 627 (үч жүз кырк бир миң алты жүз жыйырма жети) сом акча каражатын Кочкор-Ата шаарынын жалпы жер фондуларын инвентаризациялоо үчүн бөлүнүп берилсин;
-калган 1 673 748 (бир миллион алты жүз жетимиш үч миң жети жүз кырк сегиз) сом акча каражатын шаардын мэрине багыты боюнча максаттуу пайдалануу жагы милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссияга жүктѳлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |