Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-октябры № 01-5/178
2020-жылдын жергиликтүү бюджетинен райондук, областтык өнүктүрүү фондуна жана республикалык турткү берүүчү грантка сунушталуучу долбоорлорду приоритеттүү деп табуу жана өздүк салымды ажыратып берүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы, шаар мэриясынын 2019-жылдын 08-октябрындагы 01-36/1374 сандуу катын, Кочкор-Ата шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция тартуу максатында республикалык түрткү берүүчү грантка жана райондук, областык өнүктүрүү фондуна долбоорлорду приориттүү деп табуу, 2020-жылдын жергиликтүү бюджеттен өздүк салымды белгилеп берүү боюнча шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын берген корутундусун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2019-жылдын 08-октябрындагы 01-36/1374 сандуу каты канааттандырылсын.
2.Шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын берген корутундусу эске алынсын.
3.Республикалык түрткү берүүчү грантка №14 И.М.Губкин, №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектептеринин терезелерин заманбап металопластик терезелерине алмаштыруу, Кочкор-Ата аймактык оорукананын кир жуучу жайынын капиталдык курулушу, областык өнүктүрүү фондуна автовышка техникасын алуу, райондук фондуна 8-март, Саратов көчөлөрүн асфальтоо долбоорлору приоритеттүү деп табылсын.
4. Республикалык түрткү берүүчү грантка №14 И.М.Губкин жана №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектептеринин терезелерин заманбап металопластик терезелерине алмаштырууга 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом, Кочкор-Ата аймактык оорукананын кир жуучу жайын капиталдык курулушу үчүн 1 732 249 (бир миллион жети жүз отуз эки миң эки жүз кырк тогуз) сом , областык өнүктүрүү фондуна автовышка техникасын алуу үчүн 70 000 (жетимиш миң) сом, райондук фондуна 8-март, Саратов көчөлөрүн асфальтоо үчүн 1 474 816 (бир миллион төрт жүз жетимиш төрт миң сегиз жүз он алты) сом жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссияга жүктѳлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |