Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-октябры № 01-5/179
“Нефтяник” маданият үйүнүн артындагы муниципалдык менчике тиешелүү жердин эсебинен 0,10га администравдик имарат куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы, шаар мэриясынын 2019-жылдын 08-августундагы 01-36/137 сандуу каты, Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин Ноокен райондук бөлүмчөсүнүн башчысынын 2019-жылдын №01-11\264 сандуу каты, Ноокен райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын 2019-жылдын 5-августундагы № 76 сандуу корутундусун жана Кочкор-Ата шаардык мэриясына караштуу жер аянтына укук берүү комссиянын отурумунун 2019-жылдын 28-авустундагы №2 протоколунун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шаар мэриясынын 2019-жылдын 08-августундагы 01-36/1379 сандуу каты Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин Ноокен райондук бөлүмчөсүнүн башчысынын 2019-жылдын №01-11/264 сандуу каты канаттандырылсын.
2.Ноокен райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын 2019-жылдын 5-августундагы №76 сандуу корутундусу жана Кочкор-Ата шаардык мэриясына караштуу жер аянтына укук берүү комиссиянын отурумунун 2019-жылдын 28-августундагы № 2 протоколу эске алынсын.
3.Кочкор-Ата шаардык мэриясына караштуу жер аянтына укук берүү комиссиянын отурумунун 2019-жылдын 28-августундагы №2 протоколунун негизинде Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин Ноокен райондук бөлүмчөсүнө “Нефтяник” маданият үйүнүн артындагы муниципалдык менчикке тиешелүү жердин эсебинен имарат куруу үчүн 0,10 га жер тилкеси ажыратылып берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаар мэриясынын мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |