Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-октябры № 43
“ Бел-Алды айыл аймагына караштуу байланыш бөлүмунүн башчысы
Ж.Ташболотовдун 2019-жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселе боюнча Бел-Алды айыл өкмөтүнө караштуу байланыш бөлүмунүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байланыш бөлүмүнүн башчысы Ж.Ташболотовдун 2019- жылдын 9 айында аткарган иштери айрым сунуш-пикирлерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ар бир пенсия, жөлөк пул алуучулардын өздүк каражаттары өз дареги боюнча жана өз колдоруна берилүүсү милдеттендирилсин.
3 Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы байланыш тармактары боюнча туруктуу камитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж.Боромбаев |