Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-октябры № 45
“Токтогул электр тармактар башкармалыгынын Бел-Алды айыл өкмөтүндөгү аймактык кызматкери И.Өмүрбековдун аткарган иштери жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселе боюнча Токтогул электр тармактар башкармалыгынын Бел-Алды айыл өкмөтүндөгү аймактык кызматкеринин 2019-жылдын 9 айындагы аткарган иштери жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул электр тармактар башкармалыгынын Бел-Алды айыл өкмөтүндөгү аймактык кызматкери Өмүрбеков Илясдын билдирүүсү эске алынсын.
2. Электр чубалгыларын кышкы мезгилге жогорку даярдыкта өткөрүү,авариялык абалындагы электр мамычаларын оңдоо милдеттендирилсин
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы электр тармактары боюнча туруктуу камитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж.Боромбаев |