Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-октябры № 47
“Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинен Спецчотко түшкөн,ОсОО ЭлКат компаниясынан жер салыгы үчүн түшкөн акча каражаттарын ын жумшоо жонүндө”
Күн тартибиндеги маселе боюнча Ж.Сартованын,Айыл башчы К.Токтогазиевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 16.09.2019-жылы №59 келишим менен 02.10.2019-жылда түшкөн “ички жолдорду ремонттоо үчүн 3111-беренесине 600миң сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. 03.10.2019-жыл келишим №62 02.10.2019-жылда “Коргон айылынын киреберишиндеги жолдун жээгине тигилген “Карагайларды королоо”үчүн 3111 беренесине 250,0 сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин.
3. Бел-Алды айылынын Кичи футболдук аянтчасына кошумча сметасы үчүн 150 миң сом болүүгө макулдук берилсин.
4. 03.10.2019-жлда ООсО Эл Кат компаниясынан жер салыгы үчүн түшкөн 50,0 сом ар кандай чыгымга 2215-беренесинен 50,0сом акча каражатын жумшоого макулдук берилсин.
5. Кошумча план алуу Токтогул райондук финансы башкармалыгынан суралсун.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы электр тармактары боюнча туруктуу камитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж.Боромбаев |