Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-октябры № 50
“Бел-Алды айыл аймагынын Сары-Сөгөт айылынын жашоочусу
Сариев Ороздун арызы жөнүндө”
Сариев Ороздун жер боюнча жазган арызын карап жана талкуулап Бел-Алды айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сариев Ороздун жер боюнча жазган арызына ылайык Сары-Сөгөт айылЫнын башталышындагы эски пилараманын ордунан,тикенек басып каралбай калган жерден 0,20сотых жер айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин негизинде бөлүп берүү жагы суралсун.
2.Бөлүнүп берилген жердин маданияттуулугун көтөрүп, жашылдандыруу Сариев Орозго милдеттендирилсин.
3.Берилген жердин тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы раймамкаттоо кызматынан суралсын..
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер боюнча туруктуу камитетине тапшырылсын.
Төрага | Ж.Боромбаев |