Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 13-декабры, № 478-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен Сауд Арабиясы Королдугунун Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министрлигинин ортосундагы Айыл чарба жана мал чарба азыктарынын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздугу чөйрөсундөгү өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн экендигин эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен Сауд Арабиясы Королдугуиун Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министрлигинин ортосундагы Айыл чарба жана мал чарба азыктарынын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздугу чөйрөсүндөгү өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен Сауд Арабиясы Королдугуиун Айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министрлиги (мындан ары жекече түрдө "Тарап" же коллективдүү түрдө "Тараптар" деп аталышат);
Тараптардын мыйзамдарына ылайык ветеринария жана фитосанитария чөйрөсүндө кызматташууну каалашып, Тараптардын өлкөлөрүнүн ортосунда айыл чарба жана тамак-аш азыктарын соодалоого көмөктөшүү, ошондой эле жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн зыянкечтеринин, карантиндик ооруларынын келишин жана жайылышын алдын алуу максатында; төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Кызматташтык
Тараптар төмөнкү жааттарда кызматташууга аракеттенишет:
1) карантин, техникалык регламенттер, эрежелер жана стандарттар жаатындагы мыйзамдарды кошкондо санитардык жана фитосанитардык коопсуздук маселелери боюнча техникалык маалыматтарды алмашуу;
2) Тараптардын мамлекеттеринин аймагындагы жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн зыянкечтери жана оорулары жөнүндө маалыматтарды алмашуу;
3) өсүмдүктөрдүп жана жаныбарлардын ден соолугу, аларды коргоо, карантини жана тамак-аш азыктарынын коопсуздугу чойрөсүндогү изилдөөлөрдү алмашуу;
4) карантиндик чаралар боюнча макулдашууну жана координациялоону камсыздоо жана транзиттик сооданы жөнөкөйлөтүү максатында транзиттик жаныбарларга жана өсүмдүк продуктуларына карата кабыл алынган карантиндик чараларды алмашуу;
5) сооданы чектео же болтурбоо потенциалына ээ болгон чараларды киргизүүнүн алдында экинчи Тарапка оз убагында кабарлоо;
6) ветеринария жана фитосанитария жаатында Тараптар макулдашкан кызматташуунун ар кандай башка формалары.
2-берене. Кызматташуунун формалары
Кызматташуунун формалары төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) семинарларды өткөрүү жана жумушчу топторду түзүү сыяктуу биргелешкен аракеттерди ишке ашыруу;
2) маалымат жана тажрыйба алмашуу;
3) жогорку денгээлдеги визиттерди жана техникалык визиттерди алмашуу;
4) билим берүү жана окутуу;
5) техникалык жана административдик кызматташуу;
6) ветеринария жана фитосанитария жаатында Тараптар макулдашкан кызматташуунун ар кандай башка формалары.
3-берене. Ишке ашыруу
1) Тараптар ар бир конкреттүү учурдун негизинде ушул Меморандумга ылайык иштин финансылык шарттарын иштеп чыгуу үчүн өздөрүнүн жоболоруна ылайык консультацияларды жүргүзүшөт;
2) Тараптардын ортосундагы байланышка жооптуу байланыштыруучу адамдарды Тараптар аныкташат;
3) Ушул Меморандумду натыйжалуу колдонуу үчүн Тараптар сүйлөшүүлөр жолу менен түрдүү чөйрөлөрдө жумушчу топторду түзүшөт. Бул топтор конкреттүү маселелер менен иштешет жана зарылчылык пайда болгон учурда өздөрүнүн жыйындарын эки өлкөде кезеги менен өткөрүшөт.
4-берене. Маалыматтын купуялуулугу
Ар бир Тарап үчүнчү тарапка ар кандай илимий же техникалык маалыматты жибербейт, бербейт же берип жибере албайт, аларды алмашуу ушул Меморандумга ылайык ушундай маалыматты берүүчү Тараптардын алдын ала жазуу жүзундөгү макулдугусуз ишке ашырылат.
5-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
Ушул Меморандумду чечмелөө же аткарууга байланыштуу келип чыккан ар кандай талаш-тартыштар жалпы кызыкчылыктарга кызмат кылуу максатында Тараптардын ортосунда өз ара достук консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
6-берене. Башка келишимдерге жана конвенцияларга тиешелүү милдеттенмелер
Ушул Меморандум Тараптардын ортосунда же алар катышуучулары болгон каалаган Тарап менен түзүлгөн башка эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан келип чыгуучу укуктарына жана милдеттенмелерине тиешеси болбойт.
7-берене. Күчүнө кириши, жарактуулук мөөнөтү жана оңдоолор
1. Ушул Меморандум күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү дипломатиялык каналдар боюнча алынган датадан тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Меморандумдун жарактуулук мөөнөтү беш жылды түзөт жана Тараптардын бири дагы Ушул Меморандумдун колдонулушун токтотуу же узартпоо ниети жөнүндө жазуу жүзүндө жана дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тарапка билдирбесе, анда ал ушундай мезгилге (мезгилдерге) автоматтык түрдө узартылат. Мындай билдирүү Меморандумдун жарактуулугун токтотуунун аталган датасына чейин жок дегенде алты ай мурда жиберилүүгө тийиш.
3. Ушул Меморандумга Тараптардын өз ара макулдугу менен өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп калуучу өзүнчө протоколдор менен таризделет.
4. Ушул Меморандумдун жарактуулугу токтотулган учурда, анын жоболоруна ылайык түзүлгөн бардык долбоорлор жана иштердин түрлөрү үчүн анын эрежелери күчүндө калат.
Ушул Меморандумга ___________шаарында 2019-жылдын
"_________"_______ ар бири кыргыз, орус, араб жана англис тилдеринде
болгон эки түп нускада кол коюлду, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Меморандумду чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу кучкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүно караштуу Сауд Арабиясы Королдугунун
Ветеринардык жана фитосанитардык Айлана-чөйрө, суу ресурстары
коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана айыл чарба министрлиги
үчүн үчүн