Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 17-декабры, № 486-б
Калкка медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын онкологиялык кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-майындагы №172-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-пунктунун экинчи абзацы "медициналык жабдууларды" деген сөздөрдөн кийин ", оңдоо жана курулуш боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык "Онкологиялык кызматты колдоо фонду" коомдук фондунун уставына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |