Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 5-апрели, № 123-б
Шанхай кызматташтык уюмуна (мындан ары - ШКУ) мүчө мамлекеттердин Юстиция министрлеринин алтынчы кеңешмесин өз убагында даярдоону жана өткөрүүнү, ошондой эле расмий делегацияларды кабыл алууну жогорку уюштуруучулук деңгээлде камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ШКУ га мүчө мамлекеттердин Юстиция министрлеринин алтынчы кеңешмесин өткөрүү үчүн 6 000 000 (алты миллион) сом өлчөмдө акча каражат бөлүп берсин;
- «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул буйруктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы ШКУга мүчө мамлекеттердин Юстиция министрлеринин алтынчы кеңешмесинин делегацияларын транспорт менен камсыздоого байланышкан маселелерди чечсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- ШКУга мүчө мамлекеттердин Юстиция министрлеринин алтынчы кенешмесинин делегацияларын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын атайын автотранспорту менен коштоп жүрүүнү;
- иш-чаралар өткөрүлгөн жана делегация жашаган жерлерде коомдук тартипти сактоону.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ШКУга мүчө мамлекеттердин Юстиция министрлеринин алтынчы кеңешмесинин делегацияларын тез жардам машиналары менен коштоп жүрүүнү жана сутка бою медициналык тейлөөнү камсыздасын.
5. «Манас» Эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомуна ШКУга мүчө мамлекеттердин Юстиция министрлеринин алтынчы кеңешмесинин делегацияларын акы албастан расмий делегациялар залында тейлөө сунушталсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |