Редакцияот 03.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 3-апрели, № 119-б

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн жалпы орто билими жөнүндө жекелештирилген аттестаттардын жана негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктөрдүн бланктарын даярдоо жана берүү боюнча өз учурунда кызмат көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин негизинде, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылга каралган бюджеттик чыгымдарын "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (аппарат)" 34110" бюджеттик чыгымдардын классификациясы боюнча 5000,0 миң сомго азайтсын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2018-жылга каралган бюджеттик чыгымдарын "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (аппарат)" 53110" бюджеттик чыгымдардын классификациясы боюнча 5000,0 миң сомго көбөйтсүн;

- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругунан келип чыгуучу езгөртүүлөрдү эске алсын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С. Дж. Исаков