Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 28-марты, № 98-б
Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба техникалары менен камсыз кылуу аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү, агроөнөр жай комплексинин машина-трактордук паркынын техникалык мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана модернизациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кытай Эл Республикасы тарабынан - 68,4 млн (алтымыш сегиз миллион төрт жүз миң) сом, Түркия Республикасы тарабынан - 12,1 млн (он эки миллион бир жүз миң) сом жана ЮСАИД тарабынан - 22,0 млн (жыйырма эки миллион) сом, жалпы суммасы 102,5 млн (жүз эки миллион беш жүз миң) сом болгон мурда берилген гранттар жана кредиттер боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайтарым каражаттарынын эсебине топтолгон каражатты белгиленген тартипте республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө бюджеттик кредиттерди айыл чарба техникасы түрүңдө берүү үчүн жумшасын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен бюджеттик кредиттерди алуучулардын ортосунда тузүлгөн кредиттик-күрөөлүк келишимдердин негизинде кредиттик каражаттарды айыл чарба техникаларын берүүчүлөргө которсун;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында, ушул буйрукка ылайык бюджеттик кредиттерди алган субъекттердин карыздарын төлөө эсебине түшкөн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен андан ары колдонулуучу каражаттарды топтоо үчүн атайын эсеп ачсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги бюджеттик кредиттин бөлүштүрүлүшүнө мониторинг, талдоо жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматынын негизинде квартал сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекетгик агенттик белгиленген тартипте айыл чарба техникаларын алуучулар менен алардын өтүнмөлөрүнө ылайык төмөнкү шарттарда бюджеттик кредиттерди алууга келишимдерди түзсүн:
- кредиттин мөөнөтү 10 жылга чейин;
- жылдык пайыздык ставка кредиттин суммасынын 2 пайызын түзөт, ал кредиттик ресурсту көбөйтуүгө жумшалат;
- техника алуучулардын милдеттүү түрдөгү алгачкы төгүмү техниканын наркынын 10 пайызын түзөт;
- айыл чарба техникасы күрөе катары кредиттин предмети болуп таризделет;
- кредит отчеттук жылдын төртүнчү кварталында төлөнөт;
- эгерде төлөө графиги бузулса, мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасынан 0,01 пайыз эсептелет.
4. Кредитке алынган техника милдеттүү турдө камсыздандырыла тургандыгы белгиленсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлумүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |