Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-ноябры № 97
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү келишимди бекитүү
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Токтогул райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы, мындан ары “мамлекеттик орган”бир тараптан жана жергиликтүү башкаруунун органы Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү экинчи тараптан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү башкаруу жөнүндө”, ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде түзүлгөн эки тараптуу келишим толугу менен окулуп тааныштырылды.Маалыматты угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Токтогул райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы,мындан ары “мамлекеттик орган”бир тараптан жана жергиликтүү башкаруунун органы Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү экинчи тараптан түзүлгөн эмгек келишими бекитилсин.
2. Келишимдин негизинде Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн соц.адисинин эмгек акы сметасын карап чыгып Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен сурап бөлдүрүү ФЭБ башчысы Карымшаковага милдеттендирилсин.Келишимдин негизинде иш алып баруу соц.адиске милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О.Көксариев |