Редакцияот 24.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

2019-жылдын 24-октябры № 171

 Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун увтавын,

курамын бекитүү 2019-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуу жөнүндө

 Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссиянын курамынын төрагасы Айтмурза уулу Азизбектин сунушун угуп талкуулап

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун 2019-жылга аткарган иштери канаттандырарлык деп табылсын.

2.    Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун увтавын жана курамын бекитүү жагы айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин кеңештин Социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссиянын курамынын төрагасы Айтмурза уулу Азизбекке тапшырылсын.

4.    Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

Э.Сагынбеков