Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-октябры № 172
“Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Кызыл-Өзгөрүш айылдык
кеңеши” мекемесинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Юридикалык жактарды, өкүлчүлүктөрдү (филиалдарды ) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин Регламентин талкулоонун негизинде
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңеши”мекемесинин Регламентин бекитилсин.
2. Тийиштүү документтерди бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Б.Чекировага тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э.Сагынбеков |