Редакцияот 24.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

2019-жылдын 24-октябры № 173

Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы айылдык маданият үйүн

 Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алуу жөнүндө

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комитеттин сунушун угуп талкуулап

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы айылдык маданият үйүн Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алынсын. Айылдык маданият үйүнүн жана айыл өкмөттүн имаратынын жерин тактап, мамлекеттик актыларын даярдоо жагы айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.

2.    Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы айылдык маданият үйү Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл үчүн айыл өкмөтү тарабынан атайын курамда комиссия түзүлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.

4.    Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төраганын орун басары

Э.Сагынбеков