Редакцияот 24.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

2019-жылдын 24-октябры № 174

Камыш-Башы айылындагы А.Чаргынов көчөсүнө канатташ

жайгашкан жаӊы конуштун жашоочуларынын арызын кароо жөнүндө

 Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комитеттин билдирүүсүн эске алып

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Камыш-Башы айылындагы А.Чаргынов көчөсүнө канатташ жайгашкан жаӊы конуштун жашоочуларынын көчөгө ысым ыйгаруу арызы каралып, тиешелүү иш кагаздары толук болбогондуктан кийинки сессияга жылдырылсын.

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

3.    Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

Э.Сагынбеков