Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-октябры № 177
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө”, “Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы жөнүндө” Жобонун негизинде Токтогул райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен айыл өкмөтүнүн ортосунда келишимди бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” “Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы жөнүндө” Жобонун негизинде Токтогул райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн ортосунда келишим, сметасы менен бекитилсин.
2. Аталган келишим менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго тапшырылсын .
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э.Сагынбеков |