Редакцияот 24.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

2019-жылдын 24-октябры № 178

 Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөттүнүн жергиликтүү бюджетинен мектеп окуучуларын мектепке алып барып, келүү үчүн алынган автоунааларды “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишкананын балансасына өткөрүп берүү жөнүндө

 Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөттүнүн жергиликтүү бюджетинен мектеп окуучуларын мектепке алып барып, келүү үчүн алынган автоунааларды “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишкананын балансасына өткөрүп берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөттүнүн жергиликтүү бюджетинен мектеп окуучуларын мектепке алып барып, келүү үчүн алынган автоунаалар “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишкананын балансасына өткөрүлүп берилсин.

2.    Автоунаалардын техникалык жактан кароо жоопкерчилиги жана жол коопсуздугун сактоо жагы айдоочуларга милдеттендирилсин жана айдоочулардын жоопкерчилигин көзөмөлдөө жагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишкананын директору Ж.Өскөнбаевге тапшырылсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.

4.    Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

Э.Сагынбеков