Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Распоряжение
РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдык 20-мартындагы № 81-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына «Гибрид почтасы» долбоорун ишке ашыруу үчүн акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 81-р
Кабыл алынган
2018-жылдын 20-марты
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Реестрде

Минюст коду
217973

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция20.03.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдык 20-марты, № 81-б

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү долбоорлорду андан ары ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелеркне ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:

Кыргыз Республикасынын "Таза Коом" санариптик трансформациялоо программасынын алкагындагы долбоорлорду ишке ашырууга "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына "Гибрид почтасы" долбоорун ишке ашыруу үчүн 4900,0 мин (төрт миллион тогуз жүз миң) сом бөлүп берсин;

- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин чыгымдар сметасын тиешесине жараша 4900,0 мин (төрт миллион тогуз жүз миң), сом суммасына азайтсын;

- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул буйруктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү караштырсын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С. Дж. Исаков

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.