Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 16-марты, № 80-б
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин материалдык-техникалык базасын чьндоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун ортосундагы Автомашиналарды тартуулоо жөнүндө макулдашуусунун алкагында 2011-жылы чыгарылган, кузовунун № JN1TFSY61Z0559549, кыймылдаткычынын көлөмү 4759 см3 "Ниссан Патрол" маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы режиминде тариздесин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке өткөрүп алсын;
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатынын наркын аныктасын жана аны Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын ыкчам башкарууга белгиленген тартипте өткөрүп алсын.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |