Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 25-декабры №500-б
Сапат жаатында олуттуу натыйжаларга жетишкендиги, коопсуздукту камсыздагандыгы жана сапат менеджментинин жогорку натыйжалуу методдорун киргизгендиги үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 «Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө» токтомун көңүлгө алуу менен, Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кенештин чечимине ылайык:
1. 2019-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгы төмөнкүлөргө ыйгарылсын:
а) айыл чарба азыктарын кайра иштетүү чөйрөсүндө:
- «Сүт Булак -Түптүн чыгышында сүт секторун өнүктүрүү» жабык акционердик коомуна, Ысык-Көл облусу;
- «Абдималик-Ата» үрөнчүлүк дыйкан чарбасы» дыйканчылык (фермердик) чарбасына, Жалал-Абад облусу;
- «Ак-Жалга» жабык акционердик коомуна, Ысык-Көл облусу;
- «Яблочная компания» жоопкерчилиги чектелген коомуна, Ысык-Көл облусу;
б) жеңил өнөр жай чөйрөсүндө:
- «Aiko Seiko» (Айко Сейко) жоопкерчилиги чектелген коомуна, Ысык-Көл облусу;
в) жаңы инновациялык технологияларды ишке киргизген илимий- изилдөө мекемелери:
- «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту» мекемесине, Бишкек шаары;
- Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин алдындагы «Сейсмотуруктуу курулуш» илимий-изилдөө институтуна, Бишкек шаары.
2. 2019-жылы сынакка активдүү катышкандыгы жана продукциянын сапаты жаатында орчундуу натыйжаларга жетишкендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Сапат боюнча диплому менен төмөнкүлөр сыйланышсын:
а) айыл чарба азыктарын кайра иштетүү чөйрөсүндө:
- «Аман-Гринфуд» жоопкерчилиги чектелген коому, Чүй облусу;
- «Фермере Органик Гарден» жоопкерчилиги чектелген коому, Жалал-Абад облусу;
- «Алыш-Дан Органик» айыл чарба өндүрүштүк кооперативи, Баткен облусу;
- «Талас Даамы» жоопкерчилиги чектелген коому, Талас облусу.
б) жеңил енор жай чейресүндө:
- жеке ишкер Байбаев Нурмамед Жунусович, Жалал-Абад облусу.
в) Жаңы инновациялык технологияларды ишке киргизген илимий-изилдөө мекемелери:
- А.С.Джаманбаев атындагы жаратылыш ресурстары институту, Ош шаары;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмеси» мекемеси, Бишкек шаары.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |