Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 30-декабры № 507-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кореянын Экспорттук жана импорттук банкынын ортосундагы (EDCF - Экономикалык өнүктүрүүгө карата кызматташуу фондун башкаруучу Өкмөттүн агенти) «Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын ишин жакшыртуу» долбоору боюнча видеоконференция форматында өтө турган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Расмий делегациянын жетекчисине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ
Каратаев Мадаминжан Мусаевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары, расмий делегациянын жетекчиси; |
Абдыбалы тегин Суеркул | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Абдрахманов Нурлан Асейинович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Ахматов Султан Маматович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Карагулова Айдай Нурдиновна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Мамбетжунушева Эльнура Рыскелдиевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Иманалиева Тамара Куланбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын начальниги; |
Абдыкадыров Адилет Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак-жай жарандык курулуш департаментинин директору; |
Аалиев Гулжигит Кенжекараевич | - | Республикалык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери. |