Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 30-декабры №509-б
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик кызмат агенттигинин ортосундагы Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик кызмат агенттигинин ортосундагы Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жана Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик кызмат агенттиги: мамлекеттик кызматты өнүктүрүүнүн жана модернизациялоонун маанилүүлүгүн түшүнүү менен, мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыктын маанилүүлүгүн эске алып, мамлекеттик кызматты өнүктүрүү жана иш жүргүзүү маселелери боюнча эки тараптуу кызматташуу жана тажрыйба алмашуу Тараптардын алдына коюлган милдеттерди чечүүдө жигердүүлүккө алып келет деп эсептеп, ыктыярдуулук, ачыктык жана өз ара сыйлоо принциптерине жараша төмөнкүлөр жөнүндө макулдашууга келишти:
1- берене
Бул Меморандумдун максаты болуп мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтык үчүн шарттарды түзүү эсептелет.
2- берене
Тараптардын кызматташтыгы мамлекеттик кызмат маселелери боюнча эксперттердин кеңешмелерин өткөрүү, тажрыйба жана маалымат менен алмашуу, мамлекеттик кызматчыларга окутууну жана такшалмадан өтүүнү уюштуруу жолу менен ишке ашырылат.
3- берене
Тараптардын кызматташтыгы төмөнкү формаларда жүзөгө ашырылат:
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө тажрыйба жана маалымат менен алмашуу;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө маалыматтык тармакты өнүктүрүү;
- мамлекеттик кызматчылар үчүн жүйөлөштүрүү механизмдерин иштеп чыгуу;
- мамлекеттик кызматтын адистерин даярдоо, кайра даярдоо квалификациясын жогорулатуу жана такшалмадан өтүү процесстерин өнүктүрүү.
4- берене
Ушул Меморандум алкактык мүнөзгө ээ жана Тараптар сунуштаган иштин башка формаларын жокко чыгарбайт.
Ушул Меморандумдун алкагында иш-чаралар өткөрүлүшү мүмкүн, аларды өткөрүүнүн формасы, тартиби жана мөөнөтү Тараптардын биргелешкен кеңешмелеринде же бир Тараптын демилгеси менен нота алмашуу жолу менен аныкталат.
5- берене
Ушул Меморандумдун алкагында Тараптар мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү андан аркы кызматташтык пландарын иштеп чыгуу үчүн тийиштүү протокол менен бекитилген жолугушууларды уюштурат.
6- берене
Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдары менен каралган каражаттардын чегинде ушул Меморандумду аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан чыгымдарды өз алдынча тартышат.
7- берене
Ушул Меморандум Тараптар катышуучу болуп эсептелген башка эл аралык келишимдерден келип чыккан алардын укуктарын жана милдеттерин козгобойт.
8- берене
Ушул Меморандумду ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан талаш маселер консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү аркылуу Тараптар тарабынан чечилет.
9- берене
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Меморандумга анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген кошумча протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
10-берене
Ушул Меморандум ага эки Тарап тең кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Меморандум 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгерде аталган мөөнөт аяктаганга чейин 6 ай калганга чейин Тараптардын бири Меморандумду колдонууну токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тарапка жөнөтпөсө, анда кийинки беш жылдык мөөнөткө өзүнөн өзү узартылат.
20__-жылдын "__"___________ ___________шаарында эки түп нускада ар бир кыргыз, тажик жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ болот.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөө менен байланышкан пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, орус тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасынын
Мамлекеттик кадр кызматы Президентине караштуу
Мамлекеттик кадр кызматы Мамлекеттик кызмат агенттиги
үчүн үчүн