Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 31-декабры №515-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосунда Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун кошумча каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Расмий делегациянын башчысына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, расмий делегациянын жетекчиси; |
Абдыбылы тегин Суеркул | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары. |
Расмий делегациянын мүчөлөрү: | ||
Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Жоробеков Тариел Улукбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Ахматов Султан Маматович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Шадыханов Калысбек Токтосунович | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы; |
Джусупбекова Надира Сынташевна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Мамбетжунушева Элнура Рыскелдиевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Карагулова Айдай Нурдиновна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Алиев Бекболот Абдыганыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Мукаев Эркин Кенешович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алтынчы саясий департаментинин директорунун орун басары; |
Исабеков Рустам Кубанычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алтынчы саясий департаментинин атташеси; |
Шерипов Элдияр Женишович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Айдарова Миргуль Мырзагельдиевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин орун басары; |
Жусуев Болот Аманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Сатыбалдиева Аида Туратбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башкы адиси; |
Акматалиев Мирбек Акматалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Назаров Айтмамат Кошоевич | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Абдыкалыков Эркин Эсенбекович | - | "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Супаналиев Бекжан Торобаевич | - | Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Бидинов Урматбек Арстанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин жылуулук менен жабдууну жакшыртуу долбоорунун координаторунун убактылуу милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча). |