Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 30-декабры №510-б
«Эмгек рыногу» маалыматтык системасын модернизациялоо максатында, «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруунун алкагында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-июлундагы № 244-б буйругуна төмөнкүдөй езгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйруктун тиркемесинде:
- 25-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 27-пунктунда:
«Социалдык жардамдын корпоративдүү маалыматтык системасын техникалык коштоо, өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү» деген сөздөр «Автоматташтырылган маалыматтык система үчүн компьютердик техника» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
«3 000 000» деген цифралар «2 606 000» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 28-пунктундагы «1 000 000» деген цифралар «3 486 800» деген цифралар менен алмаштырылсын
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |