Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 18-декабры №714
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу:' токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө убактылуу жобого ылайык:
Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсү, № 23 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын кызматкерлерине курулган кызматтык көп батирлүү турак үйлөрдүн короосундагы балдар ойноочу аянтча үчүн шаймандарды сатып алууга байланышкан чыгымдарга Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу кызматына 100 000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |