Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 31-декабры № 516-б
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча 2020-жылга иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Иш-чаралар планын өз убагында каржылоону камсыздасын.
3. Иш-чаралар планынын аткарылышына жооптуу министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана мамлекеттик бийликтин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө милдеттүү түрдө аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;
- аткарылган иштер жөнүндө жыйынтыктоочу отчетту 2020-жылдын 10-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2020-жылдын 20-июлуна чейин Иш-чаралар планын аткаруу жөнүндө жыйынды отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча 2020-жылга иш-чаралар ПЛАНЫ
№ | Иш-чаранын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучулар | Каржылоо булагы |
1-глава. Уюштуруу-методикалык иш-чаралар | ||||
1 | Республиканын бардык региондорундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин чакыруу менен Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен россия аскер базасынын аскер кызматчыларынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик парадын даярдоо жана өткөрүү | 2020-жылдын 9-майы | КК ГШ (макулдашуу боюнча), Коргоо комитети, ИИМ, МЧК, УКМК, ӨКМ, ССМ, ЖАМК, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен |
2 | Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын Бишкек шаарында майрамдоого чет элдик коноктордун, дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнүн катышуусун камсыздоо | 2020-жылдын 8-9-майы | ТИМ | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин чегинде |
3 | Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин аскер жана аскер-аба атташелерин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга чакыруу жана алардын гүлчамбар коюу аземине катышуусун камсыздоо | 2020-жылдын 9-майы | КК ГШ (макулдашуу боюнча), Коргоо комитети | Каржылоо талап кылынбайт |
4 | КМШга катышкан мамлекеттердин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган эл аралык иш-чараларына, анын ичинде Москва шаарындагы Жеңиш парадына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин катышуусун камсыздоо | 2020-жылдын майы | КК ГШ (макулдашуу боюнча), Коргоо комитети, ТИМ, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ардагерлердин коомдук уюмдары (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен |
5 | "Өлбөс полк" акциясын уюштуруу жана өткөрүү | 2020-жылдын 9-майы | КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Каржылоо талап кылынбайт |
6 | Бишкек жана Ош шаарларында мектеп окуучуларынын, баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын окуучуларынын, орто жана жогорку окуу жайлардын студенттеринин катышуусу менен театрлаштырылган оюнду (парадды) даярдоо жана өткөрүү | 2020-жылдын апрель-май айлары | КК ГШ (макулдашуу боюнча), БИМ, ИИМ, УКМК, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бюджеттин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен |
7 | Бардык жерде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган төмөнкүдөй иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү: - концерттик программаларды; - спорттук мелдештерди; - көркөм жана фото көргөзмөлөрдү; - эскерүү кечелерин; - тематикалык спектаклдерди; - китеп жарманкелерин жана көргөзмөлөрүн; - лекция-концерттерди | 2020-жылы | Жаштар жана спорт агенттиги, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен |
8 | "Жеңиш вальсы" эл аралык жаштар акциясын даярдоо жана өткөрүү | 2020-жылдын майы | КК ГШ (макулдашуу боюнча), Жаштар жана спорт агенттиги, БИМ, Коргоо комитети, ТИМ | Бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен |
9 | Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн "Солдат боткосу" акциясын уюштуруу | 2020-жылдын 9-майы | КК ГШ (макулдашуу боюнча), Коргоо комитети, ИИМ, ССМ, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен |
10 | "Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл" мааракелик сыйлыгын даярдоо жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине тапшыруу | 2020-жылдын апрель-май айлары | КК ГШ (макулдашуу боюнча), Коргоо комитети, ЖМА, ЖӨБО, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ардагерлердин коомдук уюмдары (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде |
11 | Улуу Ата Мекендик согушка катышкан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик туусуна урмат көрсөтүү | 2020-жылдын апрель-май айлары | КК ГШ (макулдашуу боюнча), Коргоо комитети | Каржылоо талап кылынбайт |
12 | Өлкө боюнча бардык жерлерде митинг-реквиемдерди уюштуруу жана өткөрүү | 2020-жылдын 9-майы | КК ГШ (макулдашуу боюнча), Коргоо комитети, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен |
13 | Театралдык-оюн зоок мекемелеринде Улуу Ата Мекендик согушка арналган театрлаштырылган спектаклдерди көрсөтүү | 2020-жылы | ММТМ | ММТМдин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
14 | Жогорку окуу жайларда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган "Аскер ыры" деген аталыштагы конкурстарды өткөрүү | 2020-жылы | ММТМ, БИМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде |
15 | Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган көркөм жана фото көргөзмөлөрдү, китеп көргөзмөлөрүн уюштуруу жана өткөрүү | 2020-жылы | ММТМ | ММТМдин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен |
16 | Республиканын аймактарында, ошондой эле Бишкек шаарында (Ч.Айтматов атындагы кино үйү) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин катышуусу менен көркөм жана документалдуу фильмдерди тематикалык көрсөтүүнүн жумалыгын өткөрүү | 2020-жылы | ММТМ, ММТМ алдындагы Кинематография департаменти | ММТМдин бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен |
17 | Аскер ырларынын конкурсун өткөрүү | 2020-жылы | ММТМ, БИМ, Коргоо комитети, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен |
18 | Жеңиш маршын уюштуруу (Токмок шаары - Бишкек шаары маршруту боюнча чуркоо) | 2020-жылдын майы | КК ГШ (макулдашуу боюнча), Коргоо комитети, Жаштар жана спорт агенттиги, КРӨ Чүй облусундагы өкүлү, Бишкек жана Токмок шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджеттеринин чегинде |
19 | Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган "1941-1945-жылдардагы Мекенди коргоочулар түбөлүк эсте сакталсын'' аттуу кайрымдуулук акцияларын, марафондорду өткөрүү. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча колдоо көрсөтүүгө каражат жумшоо | 2020-жылы | КРӨ облустардагы өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ардагерлердин коомдук уюмдары (макулдашуу боюнча) | Бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен |
20 | Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик-илимий конференция өткөрүү | 2020-жылдын февраль-март айлары | КК ГШ (макулдашуу боюнча), Коргоо комитети, ИИМ, МЧК, УКМК, БИМ | Бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен |
21 | Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган медалдарды түзүү жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин өлкөлөрүнүн номинанттарына тапшыруу боюнча жол-жоболорду камсыздоо | 2020-жылы | ТИМ | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин каражаттарынын чегинде |
22 | Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларды өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо | 2020-жылдын майы | ИИМ, Коргоо комитети, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде |
2-глава. Ардагерлер уюмдарынын ишин активдештирүү | ||||
23 | Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин, коомчулуктун, жаштар кыймылынын лидерлеринин, аскер кызматкерлеринин катышуусу менен патриоттук темадагы тегерек столдорду өткөрүү | 2020-жылы | КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ардагерлердин коомдук уюмдары жана жаштардын коомдук уюмдары (макулдашуу боюнча) | Каржылоо талап кылынбайт |
24 | Шаардык жана райондук ардагерлер кеңешинин мүчөлөрүн жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары, студенттер, курсанттар, аскер бөлүктөрүнүн кызматкерлери, муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлер менен өткөрүлгөн иш-чараларга чакыруу | 2020-жылы | КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Каржылоо талап кылынбайт |
25 | Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына арналган эл аралык иш-чараларга Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын катышуусун камсыз кылуу | 2020-жылдын 8-9-майы | ТИМ, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде |
3-глава. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин социалдык-тиричилик шарттарын жакшыртуу боюнча иш-чаралар | ||||
26 | Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин диспансердик текшерүүдөн өткөрүү жана ден соолугун чындоо: - кошумча дары каражаттары менен камсыз кылуу; - диагностикалык текшерүүлөрдү жүргүзүү | Дайыма | ССМ, ММКФ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде |
27 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 180 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата ар жылдагы кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөө жөнүндө" токтомуна кошумча бир жолку акчалай жөлөкпулдун өлчөмүн жогорулатуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2020-жылдын апрели | ЭСӨМ, ФМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде |
28 | Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз бой жашаган ардагерлерин үйдө жана стационардык социалдык мекемелерде тейлөөнү уюштуруу | Дайыма | ЭСӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин, жергиликтүү бюджеттин чегинде |
29 | Улуу Ата Мекендик согуштун муктаж болгон ардагерлерин протездик-ортопедиялык буюмдар жана кресло-коляскалар менен камсыздоо | Зарылдыкка жараша | ЭСӨМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде |
30 | Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ай сайын жана жыл сайын берилүүчү социалдык төлөмдөрдү өз убагында төлөө | Жыл сайын, дайыма | ЭСӨМ | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде |
31 | Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, майыптардын, катышуучулардын жесирлерине жана курман болгондордун үй-бүлөсүнө жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын жана демөөрчүлүк жардамдарды тартуу менен кошумча материалдык колдоо көрсөтүү | 2020-жылдын I жарым жылдыгында | КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, министрлик жана ведомстволор, ЖӨБО, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Жергиликтүү бюджеттин эсебинен, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
32 | Уюмдардан жана ишканалардан Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз бой ардагерлерине шефтик жардамды уюштуруу | Дайыма | КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен |
33 | Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине даректүү социалдык жардам көрсөтүү боюнча волонтёрдук кыймылды уюштуруу | 2020-жылы | Жаштар жана спорт агенттиги, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен |
34 | "Жакшылык айы" акциясы (үйлөрдү комплекстүү тазалоо, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жашаган жерлердин аймактарын көрктөндүрүү) | 2020-жылдын апрель-май айлары | БИМ, Жаштар жана спорт агенттиги, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Каржылоо талап кылынбайт |
4-глава. Эстеликтерди жана мемориалдык комплекстерди көрктөндүрүү боюнча иш-чаралар | ||||
35 | Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында каза болгондордун элесин түбөлүккө калтыруучу эстеликтерди жана мемориалдык комплекстерди оңдоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү. Улуу Ата Мекендик согушка катышып, курман болгон Кыргызстандык жоокерлердин урматына зарылдыкка жараша эстелик такталарын орнотуу | 2020-жылы | КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен |
36 | Кыргызстандык жоокерлердин Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы жөнүндө эскерүүлөрдү сактоо жана түбөлүккө калтыруу, жаштарда жарандык патриоттук духту тарбиялоо, ардагерлердин, ооруктун эмгекчилеринин фашизмге каршы күрөшүүдөгү улуу эрдигине сыймыктануу максатында, илимий-практикалык конференцияларды, тегерек столдорду, эскерүү кечелерин, майрамдык жүрүштөрдү, диаспоранын өкүлдөрү менен биргеликте күжүрмөн даңк эстеликтери орнотулган жерлерге барууну уюштуруу | 2020- жылдын апрель-май айлары | ТИМ | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин чегинде |
37 | Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын эстеликтерине жана мемориалдык комплекстерине гүлчамбарларды жана гүлдөрдү коюу | 2020-жылдын майы | КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Жергиликтүү бюджеттин эсебинен, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
38 | Кыргыз Республикасынын аскердик бөлүк мекемелеринде, өлкөнүн жогорку окуу жайларында Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор И.В.Панфилов музейинин экспонаттарынын көчмө көргөзмөсүн уюштуруу | 2020-жылдын февраль-май айлары | КК ГШ (макулдашуу боюнча), Коргоо комитети | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде |
5-глава. Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында көрсөткөн эрдиктери жана каармандыгы жөнүндө эскерүүлөрдү түбөлүккө калтыруу, жарандык патриоттукту жана сыймыктануу сезимин тарбиялоо боюнча иш-чаралар | ||||
39 | Билим берүү мекемелеринде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган бурчтарды, музейлерди, эскерүү стенддерин жана "Эскерүү вахтасын" уюштуруу | 2020-жылы | КК ГШ (макулдашуу боюнча), БИМ, ММТМ, Жаштар жана спорт агенттиги, ИИМ, Коргоо комитети, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен |
40 | "Эс тутум кербени. Эскерүү жүрүшү" иш-чарасын өткөрүүнү уюштуруу | 2020-жылдын 9-майы | ММТМ, Коргоо комитети, ТИМ, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде |
41 | "Жеңиш эстафетасын" уюштуруу жана өткөрүү | 2020-жылы | Жаштар жана спорт агенттиги, ММТМ, ССМ, ИИМ, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде, жергиликтүү бюджеттин эсебинен, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
42 | Билим берүү мекемелеринин окуучуларынын арасында "Эч ким, эч нерсе унутулбайт" деген темада республикалык жана райондук сүрөт конкурстарын өткөрүү | 2020-жылы | БИМ, ММТМ, Жаштар жана спорт агенттиги, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Каражат талап кылынбайт |
43 | Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы кыргызстандык баатырлардын эрдиктеринин мисалында жалпы билим берүү мекемелеринде "Каармандык сабактарын" өткөрүү | 2020-жылдын апрель-май айлары | КК ГШ (макулдашуу боюнча), Коргоо комитети, БИМ, ММТМ, Жаштар жана спорт агенттиги, ардагерлердин коомдук уюмдары (макулдашуу боюнча) | Каражат талап кылынбайт |
44 | "Чоң атам менен сыймыктанам!", "Атам менен сыймыктанам!" деген ураанда жаштардын катышуусу менен салтанаттуу жүрүштөрдү өткөрүү | 2020-жылдын майы | КК ГШ (макулдашуу боюнча), Жаштар жана спорт агенттиги, Коргоо комитети, БИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Каражат талап кылынбайт |
45 | 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндө телекөрсөтүүдө жана радиодо жарыялоолорду, тематикалык репортаждарды, документалдык жана көркөм фильмдерди даярдоо | 2020-жылы | ММТМ, КТРК (макулдашуу боюнча), "ЭлТР" КР МТРК, ЖМК (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен |
46 | Улуу Ата Мекендик согушта күжүрмөн аракеттерге катышкан кыргызстандыктарга жана ооруктун эмгекчилерине арналган күжүрмөн жана эмгек даңкы стенддерин ачуу жана 75 карагай тигүү менен "Жеңишке-75 аллеясы" акциясын уюштуруу | 2020-жылы | КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен |
47 | Аскердик бөлүктөрдө жана башка аскердик түзүмдөрдө "Ачык эшик күнүн" өткөрүү | 2020-жылдын майы | КК ГШ (макулдашуу боюнча), Коргоо комитети, ИИМ, ӨКМ, ЖАМК, УКМК | Каражат талап кылынбайт |
48 | Билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында спорттун аскердик-прикладдык түрлөрү боюнча Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган республикалык спартакиаданы өткөрүү | 2020-жылы | БИМ, КК ГШ (макулдашуу боюнча), Коргоо комитети, Жаштар жана спорт агенттиги | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен |
49 | Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган салтанаттуу юбилейлик митинг-реквиемди өткөрүү | 2020-жылдын 9-майы | КК ГШ (макулдашуу боюнча), Коргоо комитети, ИИМ, ӨКМ, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде, жергиликтүү бюджеттердин эсебинен, бюджеттен тышкаркы каражаттар |
50 | Москвадагы "Виват, Жеңиш!" аскер ырынын эл аралык фестивалына катышуу | 2020-жылдын апрель-май айлары | КК ГШ (макулдашуу боюнча), Коргоо комитети | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде |
51 | Кыргыз Республикасынын чет жердеги мекемелеринде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына арналган иш-чараларды өткөрүү (көргөзмөлөрдү, эскерүү кечелерин, тегерек столдорду уюштуруу) | 2020-жылы | ТИМ | Мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин чегинде |
Кыскартуулардын тизмеси:
ККГШ | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы |
Коргоо комитети | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ТЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
УКМК |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
ЖАМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы |
КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
МЧК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы |
ЖӨБ жана этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик |
Жаштар жана спорт агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик |
ММКФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
СФ | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |