Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 8-январы № 1-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Люксембург Улуу Герцогдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Киреше жана капитал салыктарына карата кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Люксембург Улуу Герцогдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Киреше жана капитал салыктарына карата кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Люксембург Улуу Герцогдугунун Өкмөтү,өздөрүнүн экономикалык мамилелерин өркүндөтүүнү жана салык чөйрөсүндөгү кызматташууну кеңейтүүнү каалап, салык төлөөдөн бошотуу же салык төлөөдөн баш тартуу аркылуу төмөндөтүлгөн салыкты алууга же салык төлөөдөн (анын ичинде үчүнчү Мамлекеттин жарандарынын кыйыр пайдасы үчүн ушул Макулдашууда каралган жеңилдиктерди алууга багытталган пайдалуу салык макулдашууларын тандоо жөнүндө келишимдер аркылуу) качууга мүмкүнчүлүк түзбөстөн кирешеге жана капиталга карата кош салык салууну жоюу жөнүндө макулдашуу түзүүгө ниеттенип, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Ушул Макулдашуу колдонула турган жактар
Ушул Макулдашуу бир же эки макулдашкан Мамлекеттердин резиденттери болуп саналган жактарга карата колдонулат.
2-берене. Макулдашуу колдонула турган салыктар
1. Ушул Макулдашуу салыктарды алуунун ыкмасына карабастан, макулдашкан Мамлекеттин же анын администрациялык бөлүмүнүн, же жергиликтүү бийлик органдарынын атынан алынуучу кирешелерге жана капиталга карата салыктарга колдонулат.
2. Кирешеге же капиталга салыктар деп кирешенин жалпы суммасынан, капиталдын жалпы суммасынан же кирешенин, же капиталдын элементтеринен, анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелерден алынуучу бардык салыктар, ишканалар тарабынан төлөнүүчү эмгек акынын же маянанын жалпы суммасынан алынуучу салыктар, ошондой эле капиталдын өсүшүнөн түшкөн кирешелерден алынуучу салыктар эсептелет.
3. Ушул Макулдашуу колдонула турган колдонуудагы салыктар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) Кыргыз Республикасында:
(i) юридикалык жактардын пайдасынан жана башка кирешелеринен алынуучу салык; жана
(ii) жеке жактардан алынуучу киреше салыгы
(мындан ары "кыргыз салыктары" деп аталат).
б) Люксембург Улуу Герцогдугунда;
(i) жеке жактардан алынуучу киреше салыгы;
(ii) корпоративдик салык;
(iii) капиталга салык; жана
(iv) соодага коммуналдык салык;
(мындан ары "люксембург салыктары" деп аталат).
4. Ушул Макулдашууга кол коюлган күндөн кийин салыктарга толуктоо катары же алардын ордуна алынуучу ар кандай же маңызы боюнча окшош салыктарга карата да ушул Макулдашуу колдонулат. Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары өздөрүнүн тиешелүү салыктык мыйзамдарына киргизиле турган ар кандай олуттуу өзгөрүүлөр жөнүндө бири-бирине кабарлап турууга тийиш.
3-берене. Жалпы аныктамалар
1. Эгерде контексттен башкача маани келип чыкпаса, ушул Макулдашуунун максатында:
а) "Кыргызстан" термини Кыргыз Республикасын түшүндүрөт. Географиялык мааниде пайдаланганда "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республикасы эл аралык укукка ылайык эгемендүү укуктарын жана юрисдикциясын жүзөгө ашырып жаткан, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары колдонулуп жаткан аймакты билдирет;
б) "Люксембург" термини Люксембург Улуу Герцогдугу жана географиялык мааниде пайдаланганда Люксембург Улуу Герцогдугунун аймагын түшүндүрөт;
в) "жак" деген термин жеке жакты, компанияны же жактардын ар кандай башка бирикмесин камтып турат;
г) "компания" деген термин салык салуу максаттары үчүн корпоративдик бирикме катары каралган ар кандай корпоративдик бирикмени же ар кандай уюмду билдирет;
д) "Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы" жана "экинчи макулдашкан Мамлекеттин ишканасы" деген терминдер тиешелүү түрдө макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан башкарылуучу ишкананы жана экинчи макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан башкарылуучу ишкананы билдирет;
е) "эл аралык ташуу" деген термин деңиз же аба кемесин же жерде жүрүүчү транспортту экинчи Макулдашкан Мамлекеттеги пункттардын ортосунда гана пайдаланылгандан башка учурларда, макулдашкан Мамлекеттин натыйжалуу башкаруусунда орду бар ишкана тарабынан пайдаланылган деңиз же аба кемеси же жерде жүрүүчү транспорт тарабынан ар кандай ташууну билдирет;
ж) "компетенттүү орган" деген термин:
(i) Кыргыз Республикасында - Экономика министрлигин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүн;
(ii) Люксембург Улуу Герцогдугунда - Финансы министрин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүн билдирет;
з) "жаран" деген термин:
(i) Макулдашкан Мамлекеттин жарандыгына ээ болгон ар кандай жеке жакты;
(ii) Макулдашкан Мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык өзүнүн статусун алган ар кандай юридикалык жакты, өнөктүктү же ассоциацияны билдирет;
и) "капитал" термини кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү билдирет (бирок аны менен эле чектелбейт) жана накталай акча каражаттарын, акцияларды же мүлк укугун ырастаган башка документтерди, векселдерди, облигацияларды же башка карыздык милдеттенмелерди, ошондой эле патенттерди, соода маркаларын, автордук укуктарды же башка ушул сыяктуу укуктарды же мүлктү камтыйт.
2. Ушул Макулдашууну колдонууда макулдашкан Мамлекет тарабынан кайсыл убак болбосун, эгерде контексттен башкача түшүнүк келип чыкпаса, анда аныкталбаган ар кандай термин, ушул Макулдашуу жайылтыла турган салыктарга карата ушул макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдары боюнча аталган ар кандай мааниге ээ болот, ал ушул макулдашкан Мамлекеттин тиешелүү салык мыйзамында аныкталат, ал ушул мамлекеттин башка мыйзамдары тарабынан аныкталган мааниден артыкчылык кылат.
4-берене. Резидент
1. Ушул Макулдашуунун максатында "Макулдашкан Мамлекеттин резиденти" деген термин анын туруктуу жашаган жеринин, туруктуу турган жеринин, туруктуу болгон жеринин, башкарган жеринин же ушул сыяктуу мүнөздөгү башка критерийлердин негизинде ушул макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ал жерде салык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты билдирет, ошондой эле ушул макулдашкан Мамлекеттин жана анын ар кандай администрациялык бөлүмүнүн же бийликтин жергиликтүү органдарынын маалыматын камтып турат. Бирок бул термин ушул Мамлекеттеги булактардын кирешесине же андагы капиталга карата гана ушул Мамлекеттеги салык салына турган ар кандай жакты камтыбайт.
2. Эгерде 1-пункттун жобосуна ылайык жеке жак эки макулдашкан Мамлекеттин тең резиденти болуп эсептелсе, анын статусу төмөндөгүдөй аныкталууга тийиш;
а) ал туруктуу жашаган турак жайы бар Мамлекеттин гана резиденти деп эсептелет; эгерде анын эки Мамлекетте тең туруктуу турак жайы болсо, ал өзүнүн көбүрөөк тыгыз жеке жана экономикалык байланыштары (турмуштук кызыкчылыктарынын борбору) бар Мамлекеттин гана резиденти деп эсептелет;
б) эгерде анын турмуштук кызыкчылыктарынын борбору бар Мамлекетти аныктоо мүмкүн болбосо, же болбосо анын мына ушул Мамлекеттердин биринде да туруктуу турак жайы болбосо, ал өзү адатта жашаган Мамлекеттин резиденти деп эсептелет;
в) эгерде ал адатта эки Мамлекетте тең жашаса же болбосо алардын биринде да жашабаса, ал өзү жараны болуп эсептелген Мамлекеттин гана резиденти деп эсептелет;
г) эгерде ал эки Мамлекеттин тең жараны болуп эсептелсе, же алардын биринин да жараны болбосо, макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары бул маселени өз ара макулдашуу боюнча чечишет.
3. Эгерде 1-пункттун жобосуна ылайык жеке жак болуп эсептелбеген жак эки макулдашкан Мамлекеттин резиденти болсо, анда ал натыйжалуу башкаруучу орду жайгашкан Мамлекеттин гана резиденти болуп саналат.
5-берене. Туруктуу мекеме
1. Ушул Макулдашуунун максатында "туруктуу мекеме" деген термин ишкананын ишкердик иши толугу менен же жарым-жартылай жүзөгө ашырылып жаткан иштин туруктуу ордун билдирет.
2. "Туруктуу мекеме" деген термин негизинен:
а) башкара турган жерди;
б) бөлүмдү;
в) кеңсени;
г) фабриканы;
д) өнөркананы, жана
е) шахтаны, мунай же газ скважинасын, карьерди же жаратылыш ресурстары алына турган башка жерди камтыйт.
3. Ошондой эле ''туруктуу мекеме" термини төмөнкүлөрдү да:
а) курулуш аянтчасын, курулуш, монтаждоо же жыйноо объектисин, кызмат көрсөтүүлөрдү же алар менен байланышта болгон көзөмөлдөө ишин, эгерде мындай аянтча же объект он эки айдан ашык иштеп жатса камтыйт; жана
б) кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде ушундай максатта ишкана тарабынан жалданып алынган кызматкерлер же башка персонал аркылуу консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү кошо, бирок ушундай мүнөздөгү иштер (ушундай же ага байланыштуу долбоор) мамлекеттин аймагында он эки айдан ашык иштеп жатса гана камтыйт.
4. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан, "туруктуу мекеме" деген термин төмөнкүлөрдү камтыбайт:
а) курулмаларды жалаң гана ишканага таандык товарларды же буюмдарды сактоо, көрсөтүү же жеткирүү максатында пайдаланууну;
б) ишканага таандык товарлардын же буюмдардын запастарын сактоо, көрсөтүү же жеткирүү максатында гана кармоону;
в) ишканага таандык товарлардын жана буюмдардын запастарын башка ишканаларда кайра иштетүү максатында гана кармоону;
г) ишкердиктин туруктуу иш ордун жалаң гана товарларды жана буюмдарды сатып алуу же болбосо ишкана үчүн маалымат чогултуу максатында кармоону;
д) ишкердиктин туруктуу иш ордун ишкана үчүн даярдоочу же көмөкчү мүнөздөгү башка ар кандай ишти жүргүзүү максатында кармоону;
е) ишкердиктин туруктуу ордунун жыйынды иши ошол иштин комбинациясынын натыйжасында даярдоочу же көмөкчү мүнөздө болгон шартта "а" - "д" пунктчаларда аталган иштердин түрүн комбинациялоо үчүн гана ишкердиктин туруктуу ордун кармоону.
5. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболоруна карабастан, эгерде ага карата 6-пункту колдонулган көз карандысыз статусу бар агентке караганда башка жак ишкананын атынан иштесе жана Макулдашкан Мамлекетте ишкананын атынан контрактты түзүүгө ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырса, аталган жактын иши 4-пунктундагы иш менен чектелген учурлардан сырткары, бул ишкана ушул Мамлекетте жүргүзгөн ар кандай ишке карата туруктуу мекемеси бар ишкана катарында каралат, ал иштин туруктуу орду аркылуу жүргүзүлсө да ошол иштин туруктуу ордун ушул пункттун жоболоруна ылайык туруктуу мекемеге айландырбайт.
6. Брокер, комиссиялык агент же көз карандысыз статусу бар башка агент өзүнүн демейдеги бизнесинин алкагында иштеген шартта, ишкердикти ушул Макулдашкан мамлекетте аталган жактар аркылуу жүргүзгөндүктөн гана ишкананын Макулдашкан мамлекеттин биринде туруктуу мекемеси бар деп эсептелбейт.
7. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компанияны контролдосо же ал тарабынан контролдонсо же болбосо ушул башка мамлекетте ишкердикти жүзөгө ашырса (же болбосо туруктуу мекеме аркылуу же башка жол менен) ал өзүнөн өзү ушул компаниялардын бирин башка мамлекеттин туруктуу мекемесине айландырбайт.
6-берене. Кыймылсыз мүлктөн түшкөн киреше
1. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн (анын ичинде айыл чарба, жайыт иштеринен же токой чарбасынан) алынган кирешесине ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. "Кыймылсыз мүлк" деген термин ошол мүлк турган Макулдашкан мамлекеттин мыйзамдарындагы мааниге ээ болот. Бул термин ар кандай учурда кыймылсыз мүлккө карата көмөкчү катары болгон мүлктү, айыл чарбасында жана токой чарбасында пайдаланылган малды жана жабдууларды, жер менчигине карата жалпы укуктун жоболору колдонула турган укуктарды, кыймылсыз мүлктүн узуфруктусун жана минералдык запастарды, булактарды жана башка жаратылыш ресурстарын иштетүүгө укуктарды же иштетүү үчүн сыйлоо катарындагы өзгөрмө же бекитилген төлөмдөргө болгон укукту камтыйт; деңиз жана аба кемелери, транспорт каражаттары кыймылсыз мүлк катары каралбайт.
3. Ушул берененин 1-пунктунун жоболору кыймылсыз мүлктү тике пайдалануудан, ижарага берүүдөн же кандайдыр бир башка формада пайдалануудан алынган кирешеге карата колдонулат.
4. Ушул берененин 1 жана 3-пункттарынын жоболору ишкананын кыймылсыз мүлкүнөн алынган кирешелерге жана көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтүү үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлктөн алынган кирешелерге карата да колдонулат.
7-берене. Ишкердиктен түшкөн пайда
1. Эгерде ушундай ишкана экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердикти жүргүзбөсө, Макулдашкан Мамлекеттин ишканасынын пайдасына ушул Мамлекетте гана салык салынат. Эгерде ишкана ишин жогоруда айтылгандай жүзөгө ашырса, ишкананын пайдасына ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок салык анын ушул туруктуу мекемеге таандык болгон бөлүгүнө гана салынат.
2. Ушул берененин 3-пунктунун жоболоруна ылайык Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердикти жүргүзгөн учурда ар бир Макулдашкан Мамлекетте ал өз алдынча жана өзүнчө ишкана болгондо, ушундай же ушул сыяктуу шарттарда, ушундай же ушул сыяктуу иш жүргүзгөндө жана өзү туруктуу мекемеси болуп эсептелген ишканага толук көз карансыздыкта аракеттенгенде алышы мүмкүн болгон пайда ушул туруктуу мекемеге таандык болот.
3. Туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодо туруктуу мекеменин максаттары үчүм сарпталган чыгымдарды, анын ичинде бул чыгымдардын туруктуу мекеме жайгашкан Мамлекетте же ар кандай жерде сарпталгандыгына карабастан, башкаруу жана жалпы административдик чыгымдарды чыгарып салууга жол берилет. Бирок туруктуу мекеме тарабынан патенттерди же башка укуктарды пайдалануунун ордуна роялти, сый акы же башка ушул сыяктуу төлөмдөр, же көрсөтүлгөн кызматтар, же башкаруу үчүн комиссиялык төлөмдөр же болбосо банк мекемелеринен тышкары туруктуу мекемеге зайым иретинде берилген суммага пайыздарды төлөө катары ишкананын башкы офисине же анын ар кандай башка офистерине төлөнүүчү (иш жүзүндөгү чыгымдардын ордун толтуруудан башка) суммаларга карата мындай чыгарып салууга жол берилбейт.
4. Эгерде Макулдашкан Мамлекет тарабынан туруктуу мекемеге таандык болгон пайданы ишкананын ар кандай бөлүмдөрү боюнча пайдасынын жалпы суммасын пропорционалдуу бөлүштүрүүнүн негизинде аныктоо адаттагы практика болуп эсептелсе, ушул берененин 2-пунктундагы жоболордо Макулдашкан Мамлекетке салык салынуучу пайданы адаттагыдай ушундай бөлүштүрүү аркылуу аныктоого тыюу салынбайт; бөлүштүрүүнүн тандалып алынган методу ушул беренеде камтылган принциптерге ылайык келген натыйжаларды берүүгө тийиш.
5. Эч бир пайда ушул туруктуу мекеме тарабынан ишкана үчүн товарларды же буюмдарды сатып алуу себеби боюнча туруктуу мекемеге эсептелбейт.
6. Эгерде белгиленген методду өзгөртүү үчүн олуттуу жана жетиштүү негиздер жок болсо, мурдагы пункттардын максаттары үчүн туруктуу мекемеге таандык пайда жыл сайын бир эле метод менен аныкталат.
7. Эгерде пайдага ушул Макулдашуунун башка беренелеринде өзүнчө карала турган кирешенин элементтери киргизилсе, анда ошол беренелердин жоболоруна ушул берененин жоболору тиешелүү болбойт.
8-берене. Эл аралык ташуулар
1. Эл аралык ташууларда деңиз же аба кемелерин, же жол-транспорт каражаттарын пайдалануудан алынган пайдага ишкананын анык жетекчи органы жайгашкан Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
2. Эгерде кеменин жетекчи органы кеменин бортунда жайгашса же кемени пайдалануучу резиденти болуп саналган Макулдашкан Мамлекетте мындай каттоо порту жок болсо, анда ал кеменин каттоо порту жайгашкан Макулдашкан Мамлекетте деп эсептелет.
3. Ушул берененин 1-пунктунун жобосу биргелешкен ишканада же транспорт каражаттарын пайдалануу боюнча эл аралык уюмдарда пулга катышуудан тапкан пайдаларга да жайылтылат.
9-берене. Ассоциацияланган ишканалар
1. Эгерде:
а) Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же анын капиталына тике же кыйыр түрдө катышса, же
б) бир эле жактар Макулдашкан Мамлекеттин ишканасын жана экинчи Макулдашкан Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же анын капиталына тике же кыйыр түрдө катышса жана эки ишкананын ортосундагы коммерциялык жана финансылык өз ара мамилелерде түзүлгөн же белгиленген шарттар көз карандысыз эки ишкананын ортосунда түзүлө турган шарттан айырмаланган ар бир учурда ишкананын бирине эсептеле турган, бирок ушул шарттардан улам ага чегерилбеген ар кандай пайда ушул ишкананын пайдасына киргизилет жана тиешелүү түрдө ага салык салынат.
2. Эгерде Макулдашкан Мамлекет ушул Мамлекеттин ишканасын пайдага киргизсе жана тиешелүү түрдө экинчи Макулдашкан Мамлекеттин ушул экинчи Мамлекетте салык салынуучу пайдасына салык салса жана мындай жол менен киргизилген пайда биринчи аталган Мамлекеттин ишканасына чегериле турган пайда болуп эсептелсе, эки ишкананын ортосунда түзүлгөн шарттар эки көз карандысыз ишкананын ортосундагы шарттар сыяктуу болсо, экинчи Мамлекет ушул пайдадан алынуучу салыктын суммасына карата тиешелүү оңдоолорду киргизет. Ушундай оңдоолорду аныктоодо ушул Макулдашуунун башка жоболору каралууга тийиш, ал эми Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары зарыл учурда бири-бири менен консультацияларды өткөрүп турушат.
10-берене. Дивиденддер
1. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти-компания тарабынан экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резидентине төлөнгөн дивиденддерге ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок дивиденддерди төлөгөн компания резиденти болуп эсептелген Макулдашкан Мамлекетте мындай дивиденддерге ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салынышы мүмкүн, бирок дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, мындай жол менен алынган салык төмөнкүлөрдөн жогору болбоого тийиш:
а) эгерде дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси дивиденддерди төлөгөн компаниянын капиталынын кеминде 25 пайызына түздөн-түз ээлик кылган компания (шериктиктен башка) болуп саналса, дивиденддердин жалпы суммасынын 5 пайызынан;
б) калган бардык учурларда дивиденддердин жалпы суммасынын 15 пайызынан.
Аталган пункт дивиденддер төлөнө турган пайдага карата компаниянын салык салуу чөйрөсүнө тиешелүү эмес.
3. "Дивиденддер" деген термин ушул беренеде колдонуу үчүн акциялардан, "жуиссанс" акцияларынан же "жуиссанс" укуктарынан, кен казып алуу өнөр жайынын акцияларынан, уюштуруучулардын акцияларынан же карыз милдеттенмелеринен болуп эсептелбеген пайдага катышкан башка укуктардан түшкөн кирешелерди, ошондой эле башка корпоративдик укуктардан жана пайданы бөлүштүрүүчү компания резиденти болуп эсептелген Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салууга карата акциялардан түшкөн кирешелерге теңештирилген башка кирешелерди билдирет.
4. Эгерде дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуу менен дивиденддерди төлөгөн компания резиденти болуп эсептелген экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ушул экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу базадан көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө же көрсөтүп келсе жана дивиденддер төлөнүп жаткан холдинг чындыгында туруктуу мекеме менен байланыштуу болсо, ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда жагдайларга жараша ушул берененин 7 же 14-беренелеринин жоболору колдонулат.
5. Эгерде Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания экинчи Макулдашкан Мамлекеттен пайда же киреше алса, мындай дивиденддер ушул экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резидентине төлөнгөн же дивиденддер төлөнүп жаткан холдинг мына ушул экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекемеге чынында эле таандык болгон учурлардан сырткары, төлөнүүчү дивиденддер же бөлүштүрүлбөгөн пайда ушул экинчи Мамлекетте келип чыккан пайдадан же кирешеден толугу менен же жарым жартылай түзүлсө да ушул экинчи Мамлекет дивиденддерден жана компаниянын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынан кайсыл болбосун салык ала албайт.
11-берене. Пайыздар
1. Бир Макулдашкан Мамлекетте пайда болгон жана экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пайыздарга мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок эгерде пайыздардын иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, мындай пайыздарга алар келип чыккан бул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок ушундай жол менен алынуучу салык пайыздардын жалпы суммасынын 5%ынан ашпайт.
3. Ушул берененин 2-пунктунун жобосуна карабастан, ушул берененин 1-пунктунда аталган пайыздарга пайыздарды алуучу резидент болуп саналган Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат, эгерде пайыздардын иш жүзүндөгү ээси ушул Мамлекеттин резиденти болуп саналса жана:
а) ошол Мамлекет, администрациялык бөлүмү, жергиликтүү бийлик органы же анын мамлекеттик сектордогу институту болуп саналса,
б) эгерде, пайыздар пайыз пайда болгон Мамлекеттен же Борбордук банк, Улуттук банк, администрациялык бөлүмү же жергиликтүү бийлик органы же анын мамлекеттик сектордогу институту тарабынан төлөнсө.
4. "Пайыздар" деген термин ушул беренеде пайдаланылганда күрөө менен камсыз кылынган же камсыз кылынбаган, карызкордун пайдасына катышууга жана атап айтканда, өкмөттүк баалуу кагаздардан түшкөн кирешелерге жана облигациялардан же карыздык милдеттенмелерден түшкөн кирешелерге, ушул баалуу кагаздар, облигациялар же карыздык милдеттенмелер боюнча сый акыларга жана утуштарга укук берген же укук бербеген ар кандай түрдөгү карыздык милдеттенмелерден түшкөн кирешелерди билдирет. Өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн айыптар ушул берененин максаттары үчүн пайыздар катары каралбайт.
5. Эгерде пайыздардын иш жүзүндөгү ээси бир Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуу менен экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу пайыздар келип чыккан Мамлекетте ишкердик жүргүзсө же болбосо мына ушул экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу базадан пайыздар төлөнүп жаткан карыздык талаптарды жана көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө, алар чынында эле ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланыштуу болсо, ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболору колдонулбайт. Мындай учурларда жагдайларга жараша 7-берененин же 14-берененин жоболору колдонулат.
6. Эгерде пайыздарды төлөөчү ушул Мамлекеттин резиденти болуп саналса, пайыздар Макулдашкан Мамлекетте келип чыгат деп эсептелет. Бирок эгерде пайыздарды төлөөчү жактын Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болгон же болбогондугуна карабастан, Макулдашкан Мамлекетте туруктуу мекемеси бар болсо, ага байланыштуу карыз келип чыкса, ал боюнча пайыздар төлөнүп жатса жана ушул пайыздарды төлөө боюнча чыгашаларды ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база тартса, анда ушундай пайыздар туруктуу мекеме же туруктуу база жайгашкан Мамлекетте келип чыкты деп эсептелет.
7. Эгерде төлөөчү менен пайыздардын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы же анын экөөнүн же кандайдыр бир үчүнчү жактын ортосундагы өзгөчө мамилелерге байланыштуу, пайыздар төлөнүп жаткан карыздык талапка таандык болгон пайыздардын суммасы пайызды төлөөчү менен анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы ушундай мамилелер жок болгондо макулдашыла турган суммадан ашып кетсе, анда ушул берененин жоболору акыркы эскертилген суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда ар бир Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуунун башка жоболорун тиешелүү түрдө эске алуу менен төлөмдүн ашып кеткен бөлүгүнө салык салынууга тийиш.
12-берене. Роялти
1. Бир Макулдашкан Мамлекетте келип чыккан жана экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резидентине төлөнгөн роялтиге мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай роялтиге ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык келип чыга турган Макулдашкан Мамлекетке салык салынышы мүмкүн, бирок роялтинин иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, мына ушундай жол менен алынуучу салык роялтинин жалпы суммасынын 10 пайызынан ашпоого тийиш.
3. "Роялти" деген термин ушул беренеде пайдаланылганда адабияттын, искусствонун ар кандай чыгармасына же программалык камсыздоону кошкондо илимий эмгекке, кино жана видеофильмдерге, ар кандай патенттерге, соода маркасына, дизайнга же моделге, планга, жашыруун формулага же процесске автордук укуктарды пайдалануу же пайдалануу укугун берүү үчүн, же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбаларга тиешелүү маалымат үчүн сый акы катарында алынган ар кандай түрдөгү төлөмдөрдү билдирет.
4. Эгерде роялтинин иш жүзүндөгү ээси Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуу менен экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу роялти келип чыккан жерде ишкердик жүргүзсө же болбосо ушул экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу база аркылуу көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө жана роялти төлөнүп жаткан укук же мүлк иш жүзүндө ушундай мекеме менен байланышта болсо, ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда жагдайга жараша ушул Макулдашуунун 7-беренесинин же 14-беренесинин жоболору колдонулат.
5. Эгерде роялти төлөөчү ушул Мамлекеттин резиденти болсо, роялти Макулдашкан Мамлекетте келип чыгат деп эсептелет. Бирок эгерде роялти төлөгөн адам Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болгон же болбогондугуна карабастан, Макулдашкан Мамлекетте туруктуу мекемеге же туруктуу базага ээ болсо, ага байланыштуу роялти төлөө милдеттенмеси келип чыкса жана ушул роялтини төлөө боюнча чыгашаларды ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база тартса, анда ушундай роялти туруктуу мекеме же туруктуу база жайгашкан Мамлекетте келип чыкты деп эсептелет.
6. Эгерде роялти төлөөчү менен анын иш жүзүндөгү ээсинин же алардын экөөнүн же кандайдыр бир үчүнчү жактын ортосундагы өзгөчө өз ара мамилелерге байланыштуу роялтинин негиздүү төлөнө турган суммасы ага болгон укукка же маалыматка таандык болгон роялтинин суммасынан аны төлөөчү менен анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы макулдашыла турган суммадан ашып кетсе, анда ушул берененин жоболору акыркы эскертилген суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн ашык бөлүгүнө мурдагыдай эле ар бир Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуунун башка жоболорун тиешелүү түрдө эске алуу менен салык салынууга тийиш.
13-берене. Капиталдан алынган кирешелер
1. Ушул Макулдашуунун 6-беренесинде аталган жана экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктү ажыратууда Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан алынуучу кирешеге ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамлекетте ээ болуп турган туруктуу мекеменин коммерциялык мүлкүнүн бөлүгүн түзгөн кыймылдуу мүлктү ажыратуудан алынган же көз карандысыз жеке кызмат көрсөтүү максатында биринчи Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин карамагындагы экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу базага таандык кыймылдуу мүлктөрдөн алынган кирешеге мындай туруктуу мекемени (өзүнчө же бүткүл ишкана менен бирге) же болбосо мындай туруктуу базаны ажыратуудан түшкөн кирешени кошкондо, ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Эл аралык ташууларда пайдаланылуучу деңиз, аба кемелерин же жер үстүндөгү транспортту же мындай деңиз, аба кемелерин же жер үстүндөгү транспортторду пайдалануу менен байланышкан кыймылдуу мүлктү ажыратуудан Макулдашкан Мамлекеттин резиденти алуучу кирешелерге ишкананы натыйжалуу башкаруу орду жайгашкан Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат.
4. Ушул берененин 1, 2 жана 3-пункттарында аталгандардан башка кандайдыр бир мүлктү ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелерге мүлктү ажыраткан жак резиденти болуп эсептелген Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат.
14-берене. Көз карандысыз жеке кызмат көрсөтүү
1. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан кесипкөйлүк кызмат көрсөтүүдөн же көз карандысыз мүнөздөгү башка иштен алынган кирешеге ошол Мамлекетте гана салык салынат, буга экинчи Макулдашкан Мамлекетте мындай кирешеге салык салынган төмөнкү учурлар кирбейт:
а) эгерде ал ишин жүзөгө ашыруу үчүн ошол экинчи Макулдашкан Мамлекетте дайыма жеткиликтүү туруктуу базага ээ болсо, мындай учурда ошол туруктуу базага таандык гана киреше бөлүгүнө ошол экинчи Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн;
б) эгерде анын башка Мамлекетте болушу ар кандай 12 айлык мезгилдин ичинде, жалпысынан 183 күндү түзгөн же андан ашкан мезгилде же мезгилдердин аралыгында уланса; мындай учурда анын ошол экинчи Мамлекеттеги ишинен алынган киреше бөлүгүнө гана экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. "Кесипкөйлүк кызмат көрсөтүү" деген термин, атап айтканда көз карандысыз илимий, адабий, көркөм, билим берүү же окутуучулук иштерди, ошондой эле врачтардын, юристтердин, инженерлердин, архитекторлордун, стоматологдордун жана бухгалтерлердин көз карандысыз иштерин камтыйт.
15-берене. Көз каранды жеке кызмат көрсөтүүлөр
1. Ушул Макулдашуунун 16, 18 жана 19-беренелеринин жоболорун эске алуу менен, эгерде жалданып иштөө экинчи Макулдашкан Мамлекетте жүзөгө ашырылбаса, Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин жалданып иштөөгө байланыштуу алган айлык акысына, маянасына жана башка ушул сыяктуу акысына ушул Мамлекетте гана салык салынат. Эгерде жалданып иштөө ушундай жол менен жүзөгө ашырылса, ушуга байланыштуу алынган акыга мына ошол башка Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Ушул берененин 1-пунктунун жобосуна карабастан, Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин башка Макулдашкан Мамлекетте жалданып иштөөсүнө байланыштуу алынган акысына биринчи аталган Мамлекетте гана салык салынат, эгерде:
а) алуучу экинчи Мамлекетте тиешелүү календарлык жылда башталган же аякталган ар кандай 12 айлык мезгилде жалпысынан 183 күндүн ичинде же андан ашпаган мезгилде болсо; жана
б) акы төлөө экинчи Мамлекеттин резиденти болуп эсептелбеген жалдоочу тарабынан же жалдоочунун атынан төлөнсө; жана
в) акы жалдоочу башка Мамлекетте ээлик кылган туруктуу мекеме же туруктуу база тарабынан төлөнбөсө.
3. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан, эл аралык ташууларда пайдаланылган деңиз же аба кемесинин бортунда же жерде жүрүүчү транспортто ишке ашырылган жалданма жумушка байланыштуу акы төлөөгө ишкананы натыйжалуу башкарган жер жайгашкан Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынышы мүмкүн.
16-берене. Директорлорго акы төлөө
Директорлорго акы төлөө жана башка Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп саналган, компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү катары Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан алынган башка ушул сыяктуу төлөөлөргө ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
17-берене. Артисттер жана спортсмендер
1. Ушул Макулдашуунун 7, 14 жана 15-беренелеринин жоболоруна карабастан, Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин театрдын, кинонун, радионун же теле көрсөтүүнүн артисти сыяктуу искусство кызматкери катары же өзүнүн жеке иши болгон спортсмен катары башка Макулдашкан Мамлекетте жүзөгө ашырылган жеке ишинен алынган кирешесине ошол башка Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Эгерде искусство кызматкери же спортчу тарабынан мына ушул сапатта жүзөгө ашырылган жеке ишинен түшкөн кирешеси искусство кызматкеринин же спортчунун жеке өзүнө эсептелбей, башка жакка эсептелсе, ушул Макулдашуунун 7, 14 жана 15-беренелеринин жоболоруна карабастан, бул кирешеге искусство кызматкеринин же спортчунун иши жүзөгө ашырылып жаткан Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Ушул беренеде айтылган 1 жана 2-пункттардын жоболоруна карабастан, артист же спортсмен иштеп жаткан Макулдашкан Мамлекетте алар салыктан бошотулат, эгерде мындай иштер Макулдашкан Мамлекеттер тарабынан жактырылган маданий же спорттук тажрыйба алмашуу программасынын алкагында ошол Мамлекетте жүзөгө ашырылса.
18-берене. Пенсиялар жана аннуитеттер
1. 19-берененин 2-пунктунун жоболорун эске алуу менен, Макулдашкан Мамлекеттин резидентине мурда жалданып иштегендиги үчүн төлөнгөн пенсияга жана башка ушул сыяктуу акыга жана аннуитетке ошол Мамлекетте гана салык салынат.
2. "Аннуитет" термини өмүр бою же белгилүү же конкреттүү белгиленген мезгил аралыгында белгиленген убакытта мезгил-мезгили менен төлөөгө тийиш болгон белгиленген сумманы билдирет, милдеттенмеге ылайык акчалай же нарктык туюнтмада ага төп келген же толук сый акыга алмаштырып төлөм жүргүзүү.
3. Ушул берененин 1-пунктунун жобосуна карабастан, Макулдашкан Мамлекеттин социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү пенсияларга жана башка ушул сыяктуу сый акыларга ошол Мамлекетте гана салык салынат.
4. Ушул берененин 1-пунктунун жобосуна карабастан, Макулдашкан Мамлекетте пайда болгон жана экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пенсияларга жана башка ушул сыяктуу сый акыларга (анын ичинде бир жолку төлөмдөргө) эгерде мындай төлөмдөр контрибуция менен төлөнсө же алуучунун пенсиялык схемасынын жоболоруна ылайык же анын атынан төлөнгөн шартта биринчи аталган Мамлекетте салык салынат, жана бул контрибуцияларга, жоболорго же пенсияларга же ушул сыяктуу башка сый акыларга биринчи аталган Мамлекетте адатта белгиленген ички салык мыйзамдарынын жоболору боюнча салык салынат.
19-берене. Мамлекеттик кызмат
1. Макулдашкан Мамлекет же анын администрациялык бөлүмү же жергиликтүү бийлик органы тарабынан ушул Мамлекетте же анын бөлүмүнө же жергиликтүү бийликке көрсөтүлүүчү кызматтарга карата жеке адамга төлөнүүчү маянага, айлык акыга жана башка ушул сыяктуу сый акыларга ошол Мамлекетте гана салык салынат.
Бирок, эгерде кызматтар ошол Мамлекетте көрсөтүлсө жана жеке адам ошол Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, мындай маянага, айлык акыга жана башка ушул сыяктуу сый акыларга экинчи Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат, ал:
а) ошол Мамлекеттин жараны болсо; же
б) кызмат көрсөтүү максатында гана ошол Мамлекеттин резиденти болбой калса.
2. Ушул берененин 1-пунктунун жобосуна карабастан, Макулдашкан Мамлекет же анын администрациялык бөлүмү же жергиликтүү бийлик органы тарабынан же алар түзгөн фонддордон ушул Мамлекет же бөлүм же бийлик органы үчүн көрсөтүлгөн кызмат үчүн жеке адамга төлөнүүчү пенсияга жана башка ушул сыяктуу сый акыларга ошол Мамлекетте гана салык салынат.
Бирок, эгерде жеке адам ошол Мамлекеттин резиденти жана жараны болуп эсептелсе, мындай пенсияга жана башка ушул сыяктуу сый акыга экинчи Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат.
3. Ушул Макулдашуунун 15, 16, 17 жана 18-беренелеринин жоболору Макулдашкан Мамлекет же анын администрациялык бөлүмү же жергиликтүү бийлик органы тарабынан жүзөгө ашырылуучу ишкердикке байланыштуу кызматка карата маянага, эмгек акыга, пенсияга жана башка ушул сыяктуу сый акыларга колдонулат.
20-берене. Студенттер
Бир Макулдашкан Мамлекетке келгенге чейин түздөн-түз башка Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген же эсептелүүчү жана биринчи аталган Мамлекетте окуу же билим алуу максатында гана жүргөн студент же стажер алуучу жана жашоо, окуу жана билим алуу максаттарына арналган төлөмдөргө, мындай төлөмдөр ошол Мамлекеттин чегинен тышкары жайгашкан булактардан келип чыккан шартта, аларга ушул Мамлекетте салык салынбайт.
21-берене. Башка кирешелер
1. Ушул Макулдашуунун мурдагы беренелеринде айтылбаган Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин кирешелеринин түрлөрүнө, алардын келип чыгуу булактарына карабастан ошол Мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
2. Эгерде мындай кирешелерди алуучу бир Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп туруп, башка Макулдашкан Мамлекетте анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик жүргүзсө же ошол башка Мамлекетте анда жайгашкан туруктуу базадан көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө жана ага байланыштуу киреше алынган укук же мүлк ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышта болсо, ушул берененин 1-пунктунун жоболору ушул Макулдашуунун 6-беренесинин 2-пунктунда аныкталган кыймылсыз мүлктөн түшүүчү кирешелерден башка кирешелерге карата колдонулбайт. Мындай учурда жагдайга жараша ушул Макулдашуунун 7 же 14-беренесинин жоболору колдонулат.
22-берене. Капитал
1. 6-беренеде айтылган, Макулдашкан Мамлекеттин резидентине таандык болгон жана башка Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлк түрүндөгү капиталга ошол башка Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Туруктуу мекеменин өндүрүштүк мүлкүнүн бир бөлүгү болгон, бир Макулдашкан Мамлекеттин ишканасынын башка Макулдашкан Мамлекеттеги кыймылдуу мүлк түрүндөгү же Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин карамагындагы башка Макулдашкан Мамлекеттеги туруктуу базага таандык болгон кыймылдуу мүлк түрүндөгү капиталына көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтүү максатында ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Эл аралык ташууларда пайдаланылуучу деңиз, аба кемелери жана жерде жүрүүчү транспорт түрүндөгү жана ошол деңиз, аба кемелерин жана жерде жүрүүчү транспортту пайдаланууга таандык болгон кыймылдуу мүлк түрүндөгү капиталга ошол иш жүзүндө ишкананы башкаруучу жай жайгашкан Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат.
4. Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин капиталынын бардык башка элементтерине ошол Мамлекетте гана салык салынат.
23-берене. Кош салык салууну четтетүү
1. Кыргызстанда болгон учурда кош салык салуу төмөнкүдөй түрдө четтетилет:
а) эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Люксембургда салык салынышы мүмкүн болгон киреше алса же капиталы болсо, Кыргызстан төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
(i) Люксембургда төлөнгөн киреше салыгына барабар сумманы ошол резиденттин киреше салыгынан чыгарууга;
(ii) Люксембургда төлөнгөн капитал салыгына барабар сумманы бул резиденттин капитал салыгынан чыгарууга.
Мурдагы жоболорго ылайык салыктык эсептен чыгаруунун суммасы Кыргызстандагы колдонуудагы чендер боюнча мындай кирешеге карата эсептелинүүчү салыктан ашпоого тийиш;
б) эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Люксембургда гана салык салынган киреше алса же капиталга ээ болсо, анда Кыргызстанда салык салуу үчүн колдонулуучу ошол кирешеге же капиталга салыктын чендерин белгилөө максатында гана Кыргызстан ошол кирешени же капиталды салык салуу базасына киргизе алат.
2. Кош салык салууну четтетүүгө тиешелүү болгон, анын негизги принциптерине таасирин тийгизбеген Люксембург мыйзамдарынын жоболорун колдонуу менен кош салык салуу төмөнкүдөй жолдор менен четтетилет:
а) эгерде Люксембургдун резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Кыргызстанда салык салынышы мүмкүн болгон киреше алса же капиталга ээ болсо, анда Люксембург ушул пункттун "б" жана "в" пунктчаларынын жоболорун эске алуу менен мындай кирешени же капиталды салык салуудан бошотот, бирок, ушул резиденттин кирешесинин жана капиталынын калдыгына карата салыктын суммасын эсептөө үчүн, эгерде, киреше же капитал бошотулбаганда салыктын ошол эле чендерин колдоно алат;
б) эгерде, Люксембургдун резиденти ушул Макулдашуунун 10, 11, 12 жана 17-беренелеринин жоболоруна ылайык Кыргызстанда салык салынышы мүмкүн болгон киреше алса, анда Люксембург ошол адамдын киреше салыгынан же ошол резиденттин корпоративдик салыгынан Кыргызстанда төлөнгөн салыгына барабар сумманы чыгарып салууга уруксат берет. Бирок, мындай чыгарып салуу чыгарып салуу берилгенге чейин эсептелген жана Кыргызстанда алынган кирешенин түрүнө тийиштүү салыктын бөлүгүнөн ашпоого тийиш;
в) эгерде Кыргызстан мындай кирешелерди же капиталды салыктан бошотуу үчүн ушул Макулдашуунун жобосун колдонсо же мындай киреше үчүн ушул Макулдашуунун 10, 11 же 12-беренелеринин 2-пункттарынын жоболорун колдонсо ушул пункттун "а" пунктчасынын жоболору Люксембургдун резиденти алган кирешеге же капиталга карата колдонулбайт.
24-берене. Басмырлабоо
1. Макулдашкан Мамлекеттин жарандары башка Макулдашкан Мамлекетте бирдей эле жагдайларда, атап айтканда резиденттикке карата ошол башка Мамлекеттин жарандары дуушар болуучу же дуушар болушу мүмкүн болгон салык салууга караганда башка же бир кыйла оор болгон кандайдыр бир салык салууга же алар менен байланышкан милдеттенмелерге дуушар болбойт. Бул жобо ушул Макулдашуунун 1-беренесинин жоболоруна карабастан Макулдашкан Мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең резиденттери болуп эсептелбеген жактарга карата да колдонулат.
2. Макулдашкан Мамлекеттин резиденттери болуп саналган жарандыгы жок адамдар Макулдашкан Мамлекеттердин эч биринде бирдей эле жагдайларда, атап айтканда резиденттикке карата ошол башка Мамлекеттин жарандары дуушар болуучу же дуушар болушу мүмкүн болгон салык салууга караганда башка же бир кыйла оор болгон кандайдыр бир салык салууга же алар менен байланышкан милдеттенмелерге дуушар болбойт.
3. Макулдашкан Мамлекеттин бир ишканасы экинчи Макулдашкан Мамлекетте ээ болгон туруктуу мекемеге салык салуу ошол башка Мамлекеттин ушундай эле ишти жүзөгө ашырып жаткан ишканасына салык салууга караганда ушул башка Мамлекетте алда-канча жагымсыз болбоого тийиш. Бул Жобо бир Макулдашкан Мамлекетти башка Макулдашкан Мамлекеттин резиденттерине алардын жарандык статусунун же үй-бүлөлүк милдеттенмелеринин негизинде өзүнүн жеке резиденттерине берип жаткан салык салуу максатында кандайдыр бир жеке жеңилдиктерди, эсептен чыгарууларды жана арзандатууларды берүүгө милдеттендирүүчү жобо катары чечмеленбөөгө тийиш.
4. Ушул Макулдашуунун 9-беренесинин 1-пунктунун, 11-беренесинин 7-пунктунүн же 12-беренесинин 6-пунктунун жоболору колдонулгандан башка учурларда, бир Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы тарабынан башка Макулдашкан Мамлекеттин резидентине карата жүргүзүлүүчү пайыздар, роялти жана башка төлөмдөр ушундай ишкананын салык салынуучу пайдасын аныктоо максатында алар биринчи айтылган Макулдашкан Мамлекеттин резидентине төлөнгөндөй эле шарттарда эсептен чыгарууларга тийиш. Ушундай эле бир Макулдашкан Мамлекеттин ишканасынын башка Макулдашкан Мамлекеттин резидентине болгон бардык карызы ушул ишкананын салык салынуучу капиталын аныктоо максатында биринчи аталган Макулдашкан Мамлекеттин резидентине карызы сыяктуу эле шарттарда эсептен чыгарылат.
5. Капиталы толугу менен же жарым-жартылай таандык болгон же түздөн-түз же кыйыр түрдө башка Макулдашкан Мамлекеттин бир же андан көп резиденттери тарабынан контролдонгон Макулдашкан Мамлекеттин ишканалары, биринчи аталган Мамлекетте салык салууга караганда башка же бир кыйла оор болгон же биринчи аталган Мамлекетте башка ушундай ишканалар дуушар болгон же дуушар болушу мүмкүн болгон, ага байланышкан кандайдыр бир салык салууга же алар менен байланышкан милдеттенмелерге дуушар болбойт.
6. Ушул берененин жоболору ушул Макулдашуунун 2-беренесинин жоболоруна карабастан бардык типтеги жана сыпаттамадагы салыктарга колдонулат.
25-берене. Өз ара макулдашуунун жол-жобосу
1. Эгерде жак Макулдашкан Мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең аракеттери ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келди же алып келет деп эсептесе, бул жак ушул Макулдашкан Мамлекеттердин ички мыйзамдарында каралган коргоо каражаттарына карабастан, өзүнүн ишин кандайдыр бир Макулдашкан Мамлекеттин компетенттүү органына кароого бере алат. Арыз ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келген аракеттер жөнүндө биринчи кабарлоо берилген күндөн тартып 3 (үч) жылдын ичинде берилүүгө тийиш.
2. Эгерде компетенттүү орган дооматты негиздүү деп эсептесе жана эгерде өз алдынча канааттандыраарлык чечимге келе албаса, ушул Макулдашууга ылайык келбеген салык салуудан качуу максатында башка Макулдашкан Мамлекеттин компетенттүү органы менен аны өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө аракеттенет.
Ар кандай жетишилген Макулдашуу Макулдашкан Мамлекеттердин ички мыйзамдарында каралган кандайдыр бир убактылуу чектөөлөргө карабастан аткарылууга тийиш.
3. Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда келип чыккан бардык кыйынчылыктарды же күмөн саноолорду өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулушат. Алар ошондой эле ушул Макулдашууда каралбаган учурларда кош салык салууну жоюу боюнча биргелешкен консультацияларды жүргүзө алышат.
4. Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары бири-бири менен түздөн-түз байланышып, мурдагы пункттарды түшүнүүдө макулдукка жетишүү максатында компетенттүү органдардын өздөрү же алардын өкүлдөрү анын мүчөлөрү болгон биргелешкен комиссияны түзө алышат.
5. Эгерде:
а) ушул берененин 1-пунктуна ылайык жак бир же эки Макулдашкан Мамлекеттин иш-аракеттери ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайыксыз болсо, ошол жакка салык салынышына алып келүүсүнүн негизинде Макулдашкан Мамлекеттин компетенттүү органынын кароосуна ишти берсе, жана
б) компетенттүү органдар иш экинчи Макулдашкан Мамлекеттин компетенттүү органынын кароосуна берилген күндөн тартып эки жылдын ичинде ушул берененин 2-пунктуна ылайык ушул ишти чечүү максатында макулдашууга келе алышпаса, жактын суроо-талабы боюнча каралуучу иштен келип чыгуучу бардык чечилбеген маселелер эгерде аны жак талап кылса арбитражга өткөрүлүп берилет. Бирок, бардык эле чечилбеген маселелер арбитражга берилиши мүмкүн эмес, эгерде бул маселе боюнча бир же экинчи Макулдашкан Мамлекеттин биринин соту же административдик юстиция органы тарабынан чечим чыгарылган болсо, бул чечилбеген маселелер арбитражга өткөрүп берилбейт.
Каралып жаткан ишке түздөн-түз тиешеси бар жак арбитраждык чечимди аткаруучу өз ара макулдашууну кабыл албаган учурлардан тышкары, бул чечим эки Макулдашкан Мамлекет үчүн тең милдеттүү болуп саналат жана бул Мамлекеттердин ички мыйзамдарында каралган чектелген мөөнөткө карабастан ишке ашырылат. Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары өз ара макулдашуу боюнча ушул пунктту колдонуу тартибин белгилешет.
26-берене. Маалымат алмашуу
1. Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун жоболорун аткарууга же Макулдашкан Мамлекеттердин же алардын административдик бөлүктөрүнүн же жергиликтүү бийлик органдарынын атынан алынуучу бардык түрдөгү салыктарга жана алардын сыпатталышына карата Макулдашкан Мамлекеттердин ички мыйзамдарын колдонууга же аткарууга тиешеси бар маалыматтарды алмашышат, эгерде мындай салык салуулар ушул Макулдашууга каршы келбесе. Маалымат алмашуулар ушул Макулдашуунун 1 жана 2-беренелери менен чектелбейт.
2. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык Макулдашкан Мамлекет тарабынан алынган бардык маалыматтар ошол Макулдашкан Мамлекеттин ички мыйзамдарына ылайык алынган маалыматтар сыяктуу эле купуя катары каралууга тийиш жана ушул берененин 1-пунктунда аталган салыктарды эсептөө же чогултуу, мажбурлап өндүрүү же артынан түшүү, ошондой эле апелляцияларды коргоо менен алектенген же жогоруда аталгандарды көзөмөлдөгөн адамдарга же бийликке (сотторду же администрациялык органдарды кошкондо) гана маалымдалууга тийиш. Мындай адамдар же органдар бул маалыматты ушул максаттар үчүн гана колдонот. Алар маалыматты ачык сот жыйындарынын жүрүшүндө же соттун чечимин кабыл алууда ачыкка чыгарышы мүмкүн. Жогоруда айтылгандарга карабастан, Макулдашуучу Мамлекет тарабынан алынган маалыматтар мындай маалымат эки Макулдашкан Мамлекеттин тең мыйзамдарына ылайык башка максаттарда колдонууга мүмкүн болсо жана маалымат берген Макулдашкан Мамлекеттин компетенттүү органдары аны пайдаланууга өзүнүн уруксатын берсе, башка максаттар үчүн да колдонулушу мүмкүн.
3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболору Макулдашкан Мамлекетти төмөнкүлөргө милдеттендирүү катары чечмеленбейт:
а) бул же тигил Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына жана административдик практикасына каршы келген администрациялык чараларды көрүүгө;
б) бул же тигил Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдары боюнча же демейдеги администрациялык практиканын жүрүшүндө алууга мүмкүн болбогон маалыматты берүүгө;
в) кандайдыр бир соода, ишкердик, өнөр жайлык, коммерциялык же кесиптик жашыруун сырды же болбосо соода процессинин кесиптик сырын ачыкка чыгара турган маалыматты, же болбосо ачыкка чыгаруу мамлекеттик саясатка (мамлекеттик тартипке) каршы келе тургандай маалыматты берүүгө.
4. Эгерде, маалымат Макулдашкан Мамлекет тарабынан ушул беренеге ылайык суралса, бир Макулдашкан Мамлекет экинчи Макулдашкан Мамлекет өзүнүн жеке салык салуу максаттары үчүн мындай маалыматка муктаж болбосо да, суралган маалыматты алуу үчүн маалыматтарды жыйноонун өз ыкмасын пайдаланат. Мурунку сүйлөмдө камтылган милдеттенме ушул берененин 3-пунктунун чектөөлөрүнө тийиш, бирок мындай чектөөлөр Макулдашкан Мамлекеттин мындай маалыматтарга ички кызыкчылыгынын жоктугунан гана маалыматтарды берүүдөн баш тартуусуна жол берет деп чечмеленбеши керек.
5. Ушул берененин 3-пунктунун жоболору эч убакта Макулдашкан Мамлекетке маалымат банкта, же башка финансылык уюмда, дайындалган адамда же агент же фидуциар катары аракеттенген адамда сакталгандыгы же ал кайсыл бир жактын мүлктүк кызыкчылыгына тийиштүүлүгү үчүн гана маалымат берүүдөн баш тартууга мүмкүндүк берүү катары чечмеленбөөгө тийиш.
27-берене. Дипломатиялык миссиялардын жана консулдук кызматтардын мүчөлөрү
Ушул Макулдашуунун эч бир жобосу дипломатиялык миссиялардын жана консулдук кызматтардын мүчөлөрүнүн эл аралык укуктун жалпы ченемдеринин же атайын эл аралык макулдашуулардын негизинде берилген салыктык артыкчылыктарына таасирин тийгизбейт.
28-берене. Жеңилдиктерди алуу укугу
Ушул Макулдашуунун башка жоболоруна карабастан, ушул Макулдашууга ылайык пайда киреше же капитал элементтерине карата берилбейт, эгерде бул бардык тиешелүү фактыларды жана жагдайларды эске алуу менен түзүлсө, мындай пайданы алуу ушул пайдага түздөн-түз же кыйыр түрдө алып келген кандайдыр бир макулдашуунун же бүтүмдүн негизги максаттарынын бири болсо, эгерде мындай жагдайларда ушундай пайданы берүү ушул Макулдашуунун тиешелүү жоболорунун максаттарына жана милдеттерине шайкеш келет деп белгиленбесе.
29-берене. Күчүнө кириши
1. Макулдашкан Мамлекеттер ушул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн өздөрүнүн тиешелүү мыйзамдары боюнча зарыл болгон жол-жоболордун аткарылып бүткөндүгү жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине кабарлашат.
2. Ушул Макулдашуу ушул берененин 1-пунктунда аталган акыркы кабарлоо алынган датадан тартып күчүнө кирет жана анын жоболору төмөнкүлөргө карата колдонулат:
а) ушул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки жылдын биринчи январына карата же андан кийин алынган киреше булагынан кармалган салыктарга карата;
б) ушул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки жылдын биринчи январынан баштап же андан кийин башталган кайсы болбосун салыктык жыл үчүн алынуучу киреше боюнча башка салыктарга жана капиталга салыктарга карата.
30-берене. Колдонулушун токтотуу
1. Ушул Макулдашуу Макулдашкан Мамлекеттин бири анын колдонулушун токтотконго чейин күчүндө кала берет. Макулдашкан Мамлекеттердин ар бири календарлык жыл аяктаганга чейин жок дегенде алты ай мурун Макулдашууну колдонулушун токтотуу жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө кабарлоо менен ушул Макулдашуунун колдонулушун токтото алышат.
2. Ушул Макулдашуу төмөнкүлөргө карата колдонулушун токтотот:
а) ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарланган жылдан кийинки календарлык жылдын 1-январынан баштап же андан кийин төлөнгөн суммалар боюнча төлөө булагынан кармалган салыктарга карата;
б) ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарланган жылдан кийинки календарлык жылдын 1-январынан баштап же андан кийин башталган кайсы болбосун салыктык жылда эсептелүүчү киреше боюнча башка салыктарга жана капиталга салыктарга карата.
Муну ырастоо үчүн тиешелүү түрдө ыйгарым укук берилип, төмөндө кол койгондор ушул Макулдашууга кол коюшту.
_________________ шаарында, ____-жылдын "___" ____________ кыргыз, орус, англис жана француз тилдеринде 2 нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Улуу Люксембург Герцогдугунун Өкмөтү үчүн |