Редакцияот 23.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2020-жылдын 23-январы № 13-б

2020-жылдын 27-30-январында Австрия Республикасынын Вена шаарында өтүүчү Эки тараптуу тышкы экономикалык байланыштар боюнча аралаш кыргыз-австрия комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) кезектеги жетинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн:

1. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2020-жылдын 27-30-январында Австрия Республикасынын Вена шаарына командировкага жиберилсин.

3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев

 

 

 

Тиркеме

Эки тараптуу экономикалык байланыштар боюнча аралаш кыргыз-австрия комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ

Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;

Мадмаров Азизбек Маматович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;

Джусупов Бакыт Алиевич

-

Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

Керималиев Жаныбек Капканович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;

Джусупбекова Надира Сынташевна

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;

Дамир уулу Максат

-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Туризм департаментинин директору;

Акмолдоев Айбек Кудайбергенович

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин статс-катчысы;

Сыдыков Эрмек Курманбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;

Таалайбекова Толкунай Таалайбековна

-

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин инвестицияларды тартуу жана коштоо бөлүмүнүн эксперти;

Кудайбердиева Айзада Бердибековна

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардамды координациялоо башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси, Комиссиянын жооптуу катчысы.